Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-февралы № 100 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Н.К.Алимбеков, И.Ш.Омуркулов, Р.А.Казакбаев, Э.Ж.Сурабалдиева., Ж.К.Акаев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, Д.Э.Толонов, А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, Е.Г.Строкова тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-февралындагы № 100 токтому менен жактырылган
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, Ч.А.Турсунбеков, Н.К.Алимбеков, И.Ш.Омуркулов, Р.А.Казакбаев, Э.Ж.Сурабалдиева., Ж.К.Акаев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Алтыбаева, Д.Э.Толонов, А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов, Е.Г.Строкова тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келет. Бул Мыйзамдын долбоору жеке менчик формасында түзүлгөн мектептик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мектептик жеке уюмдар) пайдага салыкты, кошумча нарк салыгын, сатуудан салыкты жана жер салыгын төлөөдөн бошотууну караштырат. 2015-2016-жылдары салыктардын иш жүзүндө келип түшүүсүнө талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында, мектептик жеке уюмдар 2015-жылы салыктын бардык түрлөрү боюнча – 47,9 млн сом, ал эми 2016-жылы – 60,8 млн сом төлөнгөндүгү белгиленген. Мында, төлөнгөн салыктардын жалпы суммасындагы негизги үлүштү киреше салыгынын суммасы ээлейт, ошентип ал 2015-жылы 44,8 млн сомду же төлөнгөн салыктын жалпы суммасынан 94,4 %, ал эми 2016-жылы 58,2 млн сомду же төлөнгөн салыктардын бүткүл суммасынан 95 %ды түзгөн. 2016-жылы мектептик жеке уюмдардан салыктар боюнча иш жүзүндө түшүүсү төмөнкүдөй болгон:
- пайдага салык - 25 миң сом;
- кошумча нарк салыгы - 542,7 миң сом;
- сатуудан салык - 328 миң сом;
- жер салыгы - 214,5 миң сом.
Мында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык 2016-жылдын 1-июлунан тартып товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө бекитилгендигин белгилейбиз. Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын жана акчалай жүгүртүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу жана көмүскөдөгү экономиканын үлүшүн төмөндөтүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесине ылайык салык салуунун бирдиктүү ыкмаларын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн мектептик жеке уюмдар тарабынан акы накталай эмес формада төлөнгөн учурда сатуудан салыкты төлөө боюнча милдеттенме келип чыкпай тургандыгын эске алуу менен мектептик жеке уюмдарды сатуудан салыкты төлөөдөн бошотууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Жер жалпы улуттук мүлк болуп эсептелгендиктен, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга тийиш болгондуктан, ага жер салыгын төлөө аркылуу жетишүүнү камсыз кылат. Ошондой эле бул салык жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн негизги булактарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин толук көлөмдө алынбай калуусуна жол бербөө максатында, жер салыгын жоюу региондук көрсөткүчтөргө, 490 жергиликтүү бюджеттердин ар биринин деңгээлине тийгизген таасирин баалоого байланыштырылып, конкреттүү эсептөөлөр менен негизделип, ырасталышы керек экендигин жана бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттердин киреше деңгээлинин төмөндөөсүнө таасир тийгизе тургандыгын эске алуу менен мектептик жеке уюмдарды жер салыгын төлөөдөн бошотууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 токтому менен бекитилген Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинин 6-пунктуна ылайык салык жеңилдиктерин берүү каралган ченемдик укуктук актынын долбоору ушул Тартипке ылайык өткөрүлүүчү салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугуна карата талданууга тийиш. Ушуну менен бирге, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-пунктуна ылайык ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы белгиленген. Жогоруда айтылгандардын негизинде, жеке мектептерди каржылаган фонддордун капиталдарын мыйзамдаштыруу процессин тездетүү, мектеп мекемелеринин жетишсиздик, мектептердин ашыкча толгондугу жана мектептик билим берүү чөйрөсүнө жеке инвестицияларды тартууга дем берүү маселесин чечүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатуудан салыкты жана жер салыгын төлөөдөн бошотууну караштыруучу ченемдерди алып салуу шартында Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоорун кабыл алууну колдойт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2016 · № 646 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН 2012-жылдын 14-майындагы № 289/5/1 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 289/5/1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 31.12.2015 · № 235 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 21.07.2016 · № 129 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон