31-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү мыйзамдарга ылайык эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү тутумуна негизделет.
2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардан иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.
3. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны жана үстөктөрдү камтыйт.
4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык ставканы колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.
5. Кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.
6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөктөр белгилениши мүмкүн.
7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.
8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.
9. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.
10. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө көрсөтүлөт.
11. Кызматчылардын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (33)
- Чүй айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №21/3 "Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 20.08.2019 · № 21/3
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги №147-б "COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана…Распоряжение · 27.04.2020 · № 147-р
- Туз айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 18 "Акча менен сыйлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2019 · № 18
- Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 37/151 "Ɵзгөчө учурларда муниципалдык турак-жай фондунун объекттерин менчиктештирүү акысыз негизде жүзөгө ашырыла…Постановление · 26.01.2021 · № 37/151
- Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 37/152 "Муниципалдык турак-жайды акысыз негизде өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2021 · № 37/152
- Кемин шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы № 3-12-29 "2019 жылга Кемин шаарынын бюджетин бекитүү жана 2020-2021 жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 3-12-29
- Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 182/26-4 "Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт…Постановление · 29.12.2018 · № 182/26-4
- Туз айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-июлундагы № 12 "Акча менен сыйлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.07.2019 · № 12
- Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 5/2 "Нарын шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019- жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2017 · № 5/2
- Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 2/2 "Нарын шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджети жана 2020-2021- жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.02.2019 · № 2/2
- НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 3-мартындагы №1/2 "Нарын шаарынын 2020-жылга жергиликтүү бюджети жана 2021-2022- жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2020 · № 1/2
- Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 26-декабрындагы № 30 "Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 30
- Сокулук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-декабрындагы № 50 "Сокулук айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2019 · № 50
- Кайынды шаардык кеңешинин 2020-жылдын 24-сентябрындагы № 139/XLI-2 "Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.09.2020 · № 139/XLI-2
- Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 6/19 "Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2017 · № 6/19
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 23-декабрындагы № 131/XXXIX - 1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине сый акы төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2016 · № 131/XXXIX - 1
- Кайыңды шаардык кенешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 80/XXV-9 "Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, “Каинда Сервис”…Постановление · 12.12.2018 · № 80/XXV-9
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 100/XXIX- 34 "2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнө карата сый…Постановление · 28.05.2019 · № 100/XXIX- 34
- Туз айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 7 "Акча менен сыйлоо жөнүндө"токтомуПостановление · 25.03.2019 · № 7
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2018-жылдын. 06-августундагы.№81-27 "Сыйлоо жөнүндө"токтомуПостановление · 06.08.2018 · № 81-27
33 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө…Постановление · 06.01.2017 · № 8 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-31" title="31-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>