Кайыңды шаардык кеңешинин 34 «2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнө карата сый акы берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-майы № 100/XXIX- 34 2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнө карата сый акы берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кайыңды шаарынын мэринин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктунун негизинде, 2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Күнүнүн урматына , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тартипте сый акы берүүгө уруксаат берилсин:
- 2019-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын, “Каинда Сервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Күнүнө карата мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон