32-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык эмес жүйөлөштүрүү
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Кызматчыларга кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонот.
2. Материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сыйлоонун төмөнкү түрлөрү түзөт:
1) алкыш жарыялоо;
2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;
4) кызматчыны баалоонун натыйжалары боюнча кызмат орундарынын бир тобунун ичинде кезексиз класстык ченди ыйгаруу;
5) эстелик белектерин, төш белгилерин тапшыруу;
6) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сыйлоонун мыйзамдарга каршы келбеген башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.
4. Кызматчыны сыйлоо чаралары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан колдонулат.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-32" title="32-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>