Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 6/19 Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн, шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 14-мартындагы №6 протоколунун чечимине негиз, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга бюджетин түзүү учурунда жетишсиздиктер белгиленип, 2017-жылга шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 161973,9 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук суммасы 121711,2 миң сом өлчөмүндө бекитилип, жетишсиздик 40262,7 миң сом эске алынып, Ден-соолукту чыңдоо борборунун атайын каражаты 1296,0 миң сомго көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу 123007,2 миң сомго бекитилсин. 2017-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. 2017-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин. 2017-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүнгөн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2016-жылы каржыланбай калган 14102,9 миң сом кредитордук карыздары 2017-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн. Билим берүү бөлүмүнүн атайын каражатынын 1747,6 миң сом кредитордук карыздары бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылансын. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана фракциялардын катышуусунда өткөн отурумда айтылган сунуштар 2017-жылга кошумча кирешелерди таап каржылоо шаардын мэри Э. Топчубаевге сунушталсын. Шаардык бюджеттин 2017-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 1663,5 миң сом, анын ичинен бюджет 1308,6 миң сом, атайын каражат 354,9 миң сомду түзөт. Шаардык бюджетинин эркин калдыгы экономикалык бөлүкчөдө каралып мэрия аркылуу каржылансын, атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 351,8 миң сом, маданият бөлүмүнө 3,1 миң сом бөлүнүп берилсин. 2017-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №1-тиркеме
2017-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы.
Элемент (8)
Жергиликтүү бюджет
МинФин контролдук суммасы 2017-жыл
Шаардык кеңештин бекиткен суммасы
Салыктардын аталышы
1
2
3
4
Кирешелер
121711,2
123007,2
11111100
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
37762,0
37762,0
11111200
Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы
754,0
754,0
11121100
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык
11122100
Милдеттүү патенттин негизинде салык
2422,0
2422,0
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык
28230,0
28230,0
11123100
Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык
11311100
Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык
12,0
12,0
11311200
2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
990,0
990,0
11311300
3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык
30,0
30,0
11312110
Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык
1060,0
1060,0
11312120
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык
4800,0
4800,0
11321100
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы
900,0
900,0
11321200
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы
400,2
400,2
11321300
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы
5060,0
5060,0
11412100
Сатуудан салык
14000,0
14000,0
11442
Роялти
25,0
25,0
1161
Дагы башка салыктар жана жыйымдар
23766,0
23766,0
14151100
Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык
14152110
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы
2000,0
2000,0
14152200
Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы
485,0
485,0
14153200
Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы
2226,0
2226,0
14221700
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым
205,0
205,0
14221800
Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым
850,0
850,0
14222200
Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр
18000,0
19296,0
14311100
Административдик айыптар
14511200
Дагы башка салыктык эмес кирешелер
31111110
Батирлерди сатуу
31112190
Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу
314121
Айыл-чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан
1500,0
1500,0
Трансферттер (гранттар)
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №2-тиркеме
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылга бөлүнүшү. миң сом.
Мазмуну
2017-жыл
Ч ы г а ш а л а р
миң сом менен
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү
20778,0
- анын ичинде –Резервдик фонд
1200,0
Коргонуу
1108,0
Коомдук тартипти сактоо
Экономикалык бөлүм
15868,4
Турак жай чарбасы
40270,5
Маданият
8990,6
- анын ичинде – Дене тарбия
2581,9
- анын ичинен атайын каражат
1476,0
Билим берүү
30975,7
- анын ичинен атайын каражат
17820,0
Социалдык камсыздоо
5016,0
Чыгашалардын жыйынтыгы:
123007,2
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №3-тиркеме
Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү
(миң. сом)
ММД
үлүштүк түрткү берүүчү грантка 6 долбоорго үлүш
9569,4
МЧС
Күтүлбөгөн кырдаалдарга
1500,0
Шаар боюнча
Кошумча гранттарга үлүш катарында
1000,0
Мэрия
кварталдык комитеттерге жеңилдиктер
250,0
Мэрия
Ветерандар комитетине
100,0
Мэрия (ШИИБ)
ОПЦ
49,0
ФОК
Электр энергия кошумча
500,0
Мэрия
Китеп чыгарууга
200,0
Шаардык финансы башкармалыгы
Сапардама жана башка чыгымдар үчүн
100,0
Мэрия
Шаардын тургундарын мектеп окуучуларын ташууга транспорттук чыгым.
200,0
Шаардык мектептерге интерактивдүү доска алууга
300,0
Мэрия,Кенеш, МТУ,ММД
Муниципалдык кызматкерлерге 50%дык кошумча эмгек акы үчүн («Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна негиз)
1800,0
Мэрия
Айыл чарба жерлерин каттоо горстат
100,0
Мэрия
“Мезгил Жарчысы” гезитине
150,0
Шаардык кенеш
Архивди оңдоо жана токтомдорду тапшырууга
50,0
Баардыгы:
15868,4
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон