31-берене. Бюджеттик насыялоо
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Бюджеттик насыялар республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка булактардан (мындан ары - башка булактар) бөлүнөт.
2. Бюджеттик насыяларды берүүнүн, кайра түзүмдөштүрүүнүн, кайтарып берүүнүн жана эсептен чыгаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Банкроттукка байланыштуу юридикалык жак жоюлган учурларда бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик насыяларды башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик насыялар боюнча пайыздарды тындыруу эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын 10 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлүп чегерилген акча каражаттарын пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Бюджеттик насыялар боюнча насыя берүүчүнүн талаптарына доонун эскириши жайылтылбайт.
Бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүү жөнүндө сот актысы чыгарылган учурдан тартып пайыздарды жана финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат. Чет өлкөлүк валютада берилген бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүүдө карыздын суммасы сот актысы чыгарылган учурга карата расмий курс боюнча улуттук валютада белгиленет. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (49)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлунун № 424 “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуПостановление · 17.07.2025 · № 424
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 161-т (Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 05.04.2023 · № 161-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасында асыл тукум чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2020 · № 220
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 17-июнундагы N 3895-VI "Суу менен жаб- дуу жана канализация тутумун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кара-Балта…Постановление · 17.06.2020 · № 3895-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 102-т ("Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана…Распоряжение · 19.03.2024 · № 102-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 242-т (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 30.04.2022 · № 242-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январы № 14 "Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2026 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 387-б (Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын калкына социалдык турак жайдын курулушун аягына чыгаруу түрүндө жардам…Распоряжение · 15.10.2019 · № 387-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы № 38-б "2019-жылдын сентябрь айынын биринчи жана үчүнчү декадасында себилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үшүп кетишине жана зыянга учурашына…Распоряжение · 07.02.2020 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 "Электр станциялар" жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдорун финансылык…Постановление · 28.11.2022 · № 661
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 669 "Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана…Постановление · 13.10.2017 · № 669
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 86-б (Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, агроөнөр жай комплексинин…Распоряжение · 10.04.2019 · № 86-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-октябрындагы № 378-б (Бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 29.10.2018 · № 378-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б (Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү…Распоряжение · 28.03.2018 · № 98-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 133-б (Коронавирус (COVID-19) боюнча түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка…Распоряжение · 17.04.2020 · № 133-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 274-т (Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында)Распоряжение · 03.11.2021 · № 274-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-апрелиндеги № 230-т "Салык кызматынын органдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын бекемдөө. тейлөөнүн…Распоряжение · 28.04.2022 · № 230-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т (Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 26.10.2022 · № 576-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3413-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 242-б буйругуна ылайык "Кадамжай Сууканал" муниципалдык…Постановление · 05.12.2019 · № 3413-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3704-VI "Кыргыз Республикасында асыл тукум чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.04.2020 · № 3704-VI
49 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>