Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-октябры № 576-т
Жалал-Абад шаарынын мэриясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескеме күчүнө кирген датага карата болгон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын мөөнөтү өткөн карызын төмөнкүдөй шарттарда кайра түзүмдөштүрсүн:
1) 2013-жылдын 5-мартындагы №19-5/8 Карыздык милдеттенмеси боюнча мөөнөтү өткөн карыз 2023-жылдын 23-апрелинен тартып 2025-жылдын 23-октябрына чейин мурда белгиленген тындыруу мезгилине ылайык бирдей үлүштөр менен телөнөт;
2) 2020-жылдын 3-сентябрындагы №19-04-01/198 Субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтү өткөн карыз 2023-жылдын 20-майынан тартып 2025-жылдын 20-майына чейин мурда белгиленген тындыруу мезгилине ылайык бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен мурда түзүлгөн Карыздык милдеттенме жана Субкредиттик макулдашуу боюнча мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бардык эсептеринен мөөнөтү өткөн карыздын суммасын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 31-б жана 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 144-б буйруктарында каралган негизги сумманы, кошуп эсептелген пайыздарды, туумдарды жана финансылык санкцияларды Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жактыруусуз же макулдугусуз акцептсиз (талашсыз) тартипте алууга укуктуу деп белгиленсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясы:
1) Карыздык милдеттенменин жана Субкредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин кайтарылышын камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жактыруусуз же макулдугусуз бардык эсептеринен бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү өткөн карыздын суммаларын акцептсиз (талашсыз) алуу укугун берсин.
4. Ушул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жөнөтүлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 781-VII "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 576-т тескемеси…Постановление · 22.12.2022 · № 781-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 736-VII "2022-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 15.12.2022 · № 736-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 773-VII "2022-жылдын 22-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 22.12.2022 · № 773-
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11 -февралындагы № 31-б (Субкредиттик макулдашуу түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 11.02.2013 · № 31-р
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59