Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-январы № 14
Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө Бюджеттик кредиттөө жол-жобосун регламенттөө максатында, “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 “Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде: 2-пункттун 4-пункчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “4) бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине өндүрүп алынган мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруунун натыйжасында;”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык…Порядок · 20.03.2024 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 181-т (“Автомобилист” ачык акционердик коомунун кредитордук карызын тындыруунун эсебине кабыл алынган…Распоряжение · 18.03.2026 · № 181-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 214-т (“Оштогу №1-ЖТАУМ” ачык акционердик коомунун кредитордук карызын тындыруунун эсебине кабыл алынган…Распоряжение · 02.04.2026 · № 214-т
- "Кыргыз Республикасынын региондорун экономикалык өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 10-июнундагы№ 408 токтомуна)Порядок · 10.06.2026 · № 408
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 29.07.2022 · № 406 · Күчүн жоготкон
- Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо "КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы N 406 токтомуна"Положение · 29.07.2022 · № 406 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 "Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.09.2024 · № 554
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө…Постановление · 20.03.2024 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 29.07.2022 · № 406 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.