Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 30-апрели № 242-т Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү аркылуу Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарларында экологиялык абалды жакшыртуу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэриялары:
1) республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өтүнмөлөрдү берсин;
2) электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн төмөнкүдөй санда сатып алууга "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендер өткөрсүн:
- Каракол шаарынын мэриясы - 5 бирдик;
- Нарын шаарынын мэриясы - 5 бирдик;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясы - 10 бирдик.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде төмөнкүдөй шарттарда бюджеттик кредит берсин:
- максаттуу багыты - электрбустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн сатып алуу;
- пайыздык ставка - бюджеттик кредиттин финансылык каражаттары которулган күндөн тартып эсептелүүчү жылдык 4,0 пайыз;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына эсептелүүчү жылдык 8,0 пайыз;
- кайтаруу мөөнөтү - ар бир транш үчүн 7 жыл;
- карыздын негизги суммасын төлөөгө жеңилдетилген мөөнөт - 1 жыл;
- пайыздарды төлөөнүн башталышы - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15инде;
- негизги сумманы төлөө - жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15инде;
- күрөөлүк камсыздоо менен.
3. Каракол, Нарын, Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына бөлүнгөн бюджеттик кредиттерди ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.
4. Сатып алынуучу техникаларды камсыздандыруу Каракол, Нарын жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары тарабынан милдеттүү түрдө жүргүзүлөрү белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2022 · № 3
- Нарын шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы "Нарын шаарындагы 5 (беш) даана электробустарды жана 3 (үч) даана 240 КВат электробустарды заряддагычтарды күрөөгө коюуга…Постановление · 12.09.2024 · № 6
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон