КР Министрлер Кабинетинин (Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 3-ноябры № 274-т 2021/2022-жылдагы күзгү-кышкы мезгилде республиканын керектөөчүлөрүн жылуулук энергиясы менен туруктуу үзгүлтүксүз жабдууга даярдык көрүүдө жана камсыз кылууда Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калктын турмушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаратылыш газын негизги жеткирүүчү - "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Бишкекгаз" филиалынын алдындагы карызды азайтуу максатында, Кыргыз Реснубликасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 18-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн кошумча салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен 150 000 000,0 (жүз элүү миллион) сомго көбөйтсүн;
2) Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун "Бишкекгаз" филиалы менен кредиттик карыздар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 150 000 000,0 (жүз элүү миллион) сом суммасындагы бюджеттик кредит берсин;
3) кредиттик келишимди төмөнкүдөй шарттарда түзсүн:
- негизги карыз боюнча карызды 2022-жылдын 20-майынан тартып 2024-жылдын 20-ноябрына чейин бирдей төлөмдөр менен тындыруу;
- негизги карыз жана бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар боюнча карызды тындыруунун мезгилдүүлүгү жылына эки жолу -20-май жана 20-ноябрь;
- бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка -жылдык 0,1 пайыз;
- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына эсептелген жылдык 0,2 пайыз;
- мыйзамда белгиленген тартипте милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
4) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына кредиттик келишимдин шарттарына ылайык ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти максаттуу пайдаланууну жана кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттин Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы тарабынан максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылуу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59