281-берене. Эки пакеттүү ыкмада кагаз жана электрондук түрдөгү конкурстук табыштамаларды ачуу
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
1. Квалификациялык, техникалык жана финансылык сунуштар жазуу жүзүндө же электрондук формада төмөнкүдөй түрдө берилүүгө тийиш:
1) эгерде конкурстук табыштама кагаз түрүндө берилсе, анда квалификациялык, техникалык жана финансылык сунуштар бир эле убакта өзүнчө мөөрлөнүп чапталган пакеттерде (конверттерде) берилет;
2) эгерде конкурстук табыштама электрондук формада берилсе, анда жөнөтүүчү уюм квалификациялык, техникалык жана финансылык сунуштардын аныктыгын, бүтүндүгүн жана купуялыгын камсыз кылууга тийиш.
2. Квалификациялык жана техникалык сунуштары бар конкурстук табыштамалар конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук документтерде көрсөтүлгөн белгилүү бир жерде дароо ачылат. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда квалификациялык жана техникалык сунуштары бар пакетти (конвертти) ачуу тийиштүү күнү жүргүзүлөт.
3. Финансылык сунуштары бар пакеттер (конверттер) ачылбаган боюнча конкурстун катышуучусунда калат. Конкурстун катышуучусу финансылык сунушу бар пакетти (конвертти) ачып көрбөшү үчүн сатып алуулар бөлүмүнүн жооптуу адамы пакетке каттоо номери бар штампты басат. Конкурстун катышуучусу же болбосо ал ыйгарым укук берген адам мөөр басылган пакеттеги (конверттеги) финансылык сунушту ача турган күнү алып келет. Финансылык сунуштары бар пакеттер (конверттер) квалификациялык жана техникалык талаптарга туура келүүсүнө баа берилгенден кийин, эки пакеттүү ыкманын биринчи пакетинин өткөндүгү жөнүндө кабар жарыяланган датадан тартып беш жумушчу күндөн эрте эмес, бирок жети жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө веб-портал тарабынан ачылат. Сатып алуулардын экинчи пакетин кароо мөөнөтү он жумушчу күндөн ашпайт.
4. Берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин алынган конкурстук табыштамалар ачылбайт жана кайра кайтарылып берилет.
5. Конкурстук табыштамаларды ачып жатканда кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусуна уруксат берилет. Аудио жазууга же видео тартууга уруксат берилет. Конкурстук табыштамаларды ачуу сатып алуучу уюмдардын режимдик, аскердик же жашырын объекттеринде жүргүзүлгөн учурда аудио жазуулар жана видео тартуулар сатып алуучу уюмдун макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосуна катышып жаткан адамдар конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7. Конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосунда конкурстук табыштамалардын жоболоруна түшүндүрмө алуу үчүн берүүчүлөргө (подрядчыларга) кайрылууга, ошондой эле берилген табыштамалар жагынан катышуучулардын суроолоруна жооп берүүгө тыюу салынат.
8. Квалификациялык жана техникалык сунуштары бар конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосунда жеңүүчүгө баа берүү жана аны аныктоо жүргүзүлбөйт.
9. Квалификациялык жана техникалык сунуштары бар конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосунда төмөнкүдөй маалыматтар окулат жана (же) белгиленет:
1) табыштамасы ачылган ар бир берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги;
2) конкурстук табыштаманы кепилдик камсыздоо формасы, өлчөмү;
3) конкурстук табыштамалардын колдонулушунун мөөнөтү;
4) Кыргыз Республикасындагы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары жөнүндө маалымкатты берген уюмдун аталышы, маалымкаттардын номерлери;
5) иштөө тажрыйбасы жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн аткарылган көлөмдөрү;
6) финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу, чыгашалардын жоктугу, жетиштүү жүгүртүү каражаттарынын болушу;
7) техникалык мүмкүнчүлүктөр, зарыл жабдуулардын, квалификациялуу кадрлардын, лицензиялардын болушу (эгерде иш-аракет лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин негизинде тараптар лицензияларды өз ара тааныган учурда, өз өлкөсүнүн лицензиясынын болушу), Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, сатуу боюнча иш-аракетти каттоонун жана өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын коопсуздугун, сапатын ырастаган жана (же) ага карата долбоорлоо (анын ичинде изилдөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, ишке ашыруу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптары менен байланышкан берилүүчү товарларга, аткарылуучу жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү сертификаттардын болушу, Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте ратификацияланган ылайыктуулугун баалоону жана техникалык жөнгө салууну стандартташтыруу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосуна жана ден соолугуна, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жоктугу.
10. Конкурстук комиссия андан ары баа берүү үчүн кагаз түрүндөгү же электрондук форматтагы конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосун жүргүзүүдө ачылбаган жана угуза окулбаган квалификациялык жана техникалык сунуштарды жана аларга өзгөртүүлөрдү кабыл алууга тийиш эмес.
11. Баа берүүнүн экинчи этабында квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи этаптан өткөн катышуучулардын финансылык сунуштары ачылат.
12. Конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосунда угуза окулган маалымат конкурстук табыштамаларды ачуу протоколунда белгиленет жана ага ачууга катышып жаткан бардык берүүчүлөр (подрядчылар) жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коет. Конкурстук табыштамаларды ачуу протоколу конкурстук табыштамалар ачылгандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-сайтына жайгаштырылат.
13. Электрондук ыкма менен сатып алууда ачуу протоколу система тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт жана тийиштүү түрдө ар бир этап боюнча веб-порталга жайгаштырылат.
(КР 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
281-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-281" title="281-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>