Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 27-сентябры № 661 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар системасын өнүктүрүү, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык электрондук мамлекеттик сатып алууларды ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- бул Стратегияны ишке ашыруу мезгилинде Стратегияны ишке ашыруу жөнүндө мониторинг жүргүзсүн жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-январынан кечиктирбестен жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ө. Бабанов
2-тиркеме
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
| Иш чаралардын мазмуну | Ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Аткаруу- чулар | |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. Мамлекеттик сатып алуулар жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | |||||
| 1.1 | Мыкты эл аралык практиканы эсепке алуу менен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2012- жылдын 4- кварталы | МКБ ПӨ | Финмин |
| 1.2 | Электрондук мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жобо | Электрондук мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2012- жылдын 4- кварталы | Финмин | |
| 1.3 | Стандарттык тендердик документтерди "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү | Стандарттык тендердик документтерди өркүндөтүү | 2013- жылдын 1-2- кварталы | МКБ ПӨ | Финмин |
| 1.4 | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу боюнча Колдонмону иштеп чыгуу | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу боюнча Колдонмону даярдоо жана жарыкка чыгаруу | 2013- жылдын 1-2- квартал- дары | МКБ ПӨ | Финмин |
| 1.5 | Тендердик табыштамаларды баалоо жана салыштыруу боюнча методикалык нускама | Методикалык нускаманы даярдоо жана жарыкка чыгаруу | 2012- жылдын 4- кварталы | МКБ ПӨ | Финмин |
| 1.6 | Сатып алууларды ишке ашыруу үчүн натыйжалуу негизди камсыз кылуу максатында сатып алуучу уюмдардын потенциалын түзүү жана чыңдоо | Сатып алуучу уюмдардын бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону өркүндөтүү | 2013- жылдын 1-2- квартал- дары | Финмин | |
| 1.7 | Ички берүүчүлөргө (подрядчиктерге) берилген жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускама | Ички берүүчүлөргө (подрядчиктерге) берилген жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускаманы иштеп чыгуу | 2012- жылдын 4- кварталы | МКБ ПӨ | Финмин |
| 1.8 | Даттанууларды кароого көз карандысыз механизмди киргизүү | Даттанууларды карап чыгууну караган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү Даттанууларды жана каршы болууларды кароо жөнүндө жобону иштеп чыгуу | Декабрь 2012-жыл Февраль 2013-жыл | Финмин | |
| 1.9 | Тендерлерди өткөрүүдө баалоо процессин жакшыртуу | Баалоо отчетунун стандарттык отчетун милдеттүү толтурууну караган Стандарттык тендердик документацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2013- жылдын 2- кварталы | Финмин | |
| 2. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын киргизүү | |||||
| 2.1 | Электрондук кайтарым аукциондорду жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен, ошондой эле сатып алуулардын жылдык планын жарыялоону, сатып алуучу уюмдардын жана берүүчүлөрдүн улуттук маалыматтык электрондук базасын түзүүнү, орто тендердик бааларды, он-лайн публикацияларды, тендерлерди жарыялоо жана | Электрондук сатып алууларды жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жана киргизүү. Этабы менен ишке ашырыла турган бирдиктүү толук кандуу (башынан баштап аягына чейин) электрондук сатып алуулар системасын киргизүү: - тендерлерди жарыялоо тууралуу электрондук публикациялар; - электрондук кайтарым аукциондор; - электрондук тендерлер; - тендерлерге чейин жана андан кийинки иш процесстери; - сатуу аянтчасы | 2012- жылдын ноябры 2012- жылдын декабры 2013- жылдын майы 2013- жылдын июну 2013- жылдын декабры | АӨБ | Финмин |
| 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы жана талдоо башкармалыгынын, сатып алуучу уюмдардын жана берүүчүлөрдүн (подрядчиктердин) потенциалын чыңдоо | |||||
| 3.1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулардын методологиясы жана талдоо башкармалыгынын потенциалын чыңдоо | Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна окутуу боюнча окутуучуларды даярдоо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча статистикалык маалыматты чогултууну өркүндөтүү | 2013- жылдын марты | АӨБ/ДБ | |
| 3.2 | Электрондук сатып алуулар жана жалпысынан мамлекеттик сатып алууларды пайдалануу боюнча, сатып алуулар боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн адистештирилген окутууну өткөрүү | Республиканын бардык облустарында электрондук сатып алуулардын программалык камсыздалышын колдонуу боюнча тышка чыгуу менен өткөрүлгөн практикалык сабактарды өткөрүү | 2012-жыл ноябрь- декабрь | МКБ ПӨ | Финмнн |
| 3.3 | Электрондук сатып алуулар системасын жана жалпысынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча берүүчүлөрдү (подрядчиктердин) адистештирилген окутуу жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү | Бишкек жана Ош шаарларында сатып алуулардын программалык камсыздалышын колдонуу боюнча тышка чыгуу менен өткөрүлгөн практикалык сабактарды жүргүзүү | 2013-жыл февраль- апрель | МКБ ПӨ | Финмин |
Эскертүү: Бул Пландагы пайдаланылган аббревиатуралар: МКБ ПӨ - Улуу Британия Бириккен королдугу, Түндүк Ирландия, Швейцария, Европалык союздун өкмөттөрү тарабынан каржыланган жана Дүйнөлүк банк тарабынан администрленген "Мамлекеттик каражатты башкарууда потенциалды өнүктүрүү" долбоору. АӨБ - Азия өнүктүрүү банкы. ДБ - Дүйнөлүк банк.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы № 426-б (Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган Соода саясатынын…Распоряжение · 23.10.2013 · № 426-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 341-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Өнүктүрүү жаагындагы…Распоряжение · 30.08.2013 · № 341-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 661 токтому менен…Стратегия · 27.09.2012 · № 661 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон