Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 16-октябры № 143 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө (КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүдөй кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын:
- балдарга - алар он алты жашка толгонго чейин; билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерине окутуу формасына карабастан алар жыйырма бир жашка толгонго чейин;
- ата-энелерине (атасына, энесине) - өмүр бою;
- иштебеген жана экинчи жолу никеге турбаган жесирлерге - өмүр бою айлык керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин өлчөмүндө.
Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" Жарлыгы
2-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга алардын ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келгенге чейин же өмүр бою кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын. Кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2004-жылдын 3-августундагы № 104, 2005-жылдын 23-декабрындагы № 187, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2015-жылдын 13-августундагы № 224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып болгон адамдар акысыз дарылануу менен камсыз кылынсын.
3-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде орундар менен кезексиз жана акысыз камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын алуу уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотуу;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- чөп чабуу үчүн участокторду жана мал жаюу үчүн жайыттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун алар ээлеген турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке менчикке бекер өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын интернат үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү укугу.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-2-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, профсоюздук бирикмелер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жаракат алып, майып деп таанылган адамдарды тамак-аш азыктары, отун менен камсыз кылуу, турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жеке же кооперативдик курулушка пайызсыз ссуда берүү, медициналык, соода жана транспорттук тейлөө боюнча кошумча чараларды көрө алышат. (КР 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Ушул Мыйзамда белгиленген төлөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүргүзүлөт. Кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө кирешесине жана башка социалдык төлөмдөрүнө (пенсиясына, социалдык жана камсыздандыруу жөлөкпулдарына) карабастан "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 15-статьясын эске албоо менен жүргүзүлөт. (КР 2015-жылдын 13-августундагы №224, 2023-жылдын 4-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 13
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон…Постановление · 05.02.2024 · № 43
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 24 сентября 2002 года З N 862-II " О принятии Закона Кыргызской Республики "О государственной социальной помощи членам семей погибших и…Постановление · 24.09.2002 · № N 862-II
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга…Закон · 13.08.2015 · № 224
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 21.12.2012 · № 202
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун…Закон · 04.08.2023 · № 162
- Постановление Правительства КР от 5 июля 2002 года №461 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О государственной социальной помощи членам семей погибших и пострадавшим в…Постановление · 05.07.2002 · № 461 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 552 "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 06.08.2012 · № 552 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө…Постановление · 26.05.2015 · № 324 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 16.08.2005 · № 373 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун уй-було мучолоруно жана жабыр тарткандарга…Закон · 03.08.2004 · № 104 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 декабря 2003 года №788 " О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О…Постановление · 22.12.2003 · № 788 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун…Закон · 04.08.2023 · № 162
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.12.2007 · № 528 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (13)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2015 · № 841
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2483-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2483-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2484-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2484-V
- КР Жогорку Кенешинин 012-жылдын 15-ноябрындагы № 2485-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2485-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6 февралындагы №67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2006 · № 67
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5364-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 26.06.2015 · № 5364-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5425-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 29.06.2015 · № 5425-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы№ 5426-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 29.06.2015 · № 5426-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1351-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы…Постановление · 29.06.2023 · № 1351-VII
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2015-жылдын 3- апрелиндеги ПЖ № 44 "Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр…Указ · 03.04.2015 · № 44 · Күчүн жоготкон