Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-1-статья
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде орундар менен кезексиз жана акысыз камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын алуу уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотуу;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- чөп чабуу үчүн участокторду жана мал жаюу үчүн жайыттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун алар ээлеген турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке менчикке бекер өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын интернат үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү укугу.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1100/st-3-1" title="3-1-статья - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>