Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 13-августу № 224 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын биринчи абзацында жана 2-статьяда "кепилденген эң төмөнкү кирешенин үч эселенген өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-статьялар менен толукталсын:
"3-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде орундар менен кезексиз жана акысыз камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жашка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын алуу уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотуу;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- чөп чабуу үчүн участокторду жана мал жаюу үчүн жайыттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте биринчи кезекте алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун алар ээлеген турак жайларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке менчикке бекер өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын интернат үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү укугу.
3-2-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, профсоюздук бирикмелер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жаракат алып, майып деп таанылган адамдарды тамак-аш азыктары, отун менен камсыз кылуу, турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жеке же кооперативдик курулушка пайызсыз ссуда берүү, медициналык, соода жана транспорттук тейлөө боюнча кошумча чараларды көрө алышат.".
3. 4-статьянын 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин ", көрсөтүлгөн Мыйзамдын 15-статьясын эске албоо менен" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга…Закон · 16.10.2002 · № 143
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабрындагы № 841 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2015 · № 841
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5364-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 26.06.2015 · № 5364-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5425-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 29.06.2015 · № 5425-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы№ 5426-V "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман…Постановление · 29.06.2015 · № 5426-V
- КР Президентинин 2015-жылдын 3- апрелиндеги ПЖ № 44 "Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр…Указ · 03.04.2015 · № 44 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 7 декабрындагы № 841 токтомуПостановление · 07.12.2015 · № 841
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө…Постановление · 26.05.2015 · № 324 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга…Закон · 16.10.2002 · № 143
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43