Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын ПЖ № 528 «Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 3-декабры ПЖ № 528
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
Мамлекеттик жөлөкпул жана жењилдиктерди алуучуларга, майыптарга, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин меди- циналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо Борборунун стационарында, жатак-үйлөрдө жашагандарга, ошондой эле Кыргыз Республи- касынын Билим берүү жана илим министрлигинин окуучуларынын өзгөчө кон- тингентине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008-жылдын 1-январынан баштап керектөөнүн кепилденген минимал-
дуу дењгээлинин (ККМД) өлчөмүн 200 сом суммасында белгилесин;
- 2008-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин балдардын психоневрологиялык жатак-үйлөрүндө жашаган адамдар үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин балдар үйлөрүнүн, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн жатак-мектептердин, акыл эс жана денебоюнун өнүгүшүндө кемчилдиги бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн жатак-мектептердин тарбиялануучулары үчүн - күнүнө 65 сом; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кары-картањ жана майыптар үчүн жатак-үйлөрдө жана чоњдор үчүн психонев- рологиялык жатак-үйлөрдө жашагандар үчүн - күнүнө 55 сом; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо Борбо- рунун стационарында жашагандар үчүн - күнүнө 45 сом белгилесин;
- 2008-жылдын бюджетинде азиз жана начар көргөн балдар үчүн Брайл
системасы боюнча окуу китептерин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин акыл эс жана денебоюнун өнүгүшүндө кемчилдиги бар балдар үчүн балдар үйлөрү жана жатак-мектептер үчүн атайын жана ме- дициналык жабдууларды сатып алууга максаттуу каражаттарды карасын;
- ушул Жарлыкты жүзөгө ашыруу үчүн кошумча финансылык каражаттарды
издеп тапсын жана бөлсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августунда-
гы № 390 "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал- дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Указ Президента КР от 30 августа 2007 года УП № 390 "О защите и поддержке детей"Указ · 30.08.2007 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2008 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга…Закон · 16.10.2002 · № 143
- КР Убактылуу Ѳкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июнундагы № 105/1-4 "2010-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2010 · № 105/1-4
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча…Постановление · 22.03.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябырындагы №614 "Керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.10.2009 · № 614 · Күчүн жоготкон