Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 6-августу № 552 "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 1, 1-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "майып" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "кары-картаңдар", "улгайган курактагы адамдар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улгайган жарандар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 1 -статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"1-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам калкты социалдык жактан тейлөө тармагындагы укуктук жөнгө салуунун негиздерин аныктайт. Социалдык жактан тейлөө жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү жана материалдык жактан жардам берүү, социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча социалдык кызматтардын ишин билдирет.".
5. 3-статьянын он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
6. 4-статьянын он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр;".
7. 6-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн стандарттары
Калкты социалдык жактан тейлөө социалдык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына, аларды көрсөтүүнүн тартибине жана шарттарына талаптарды белгилөөчү ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Социалдык жактан тейлөө маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.".
8. 7-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн үй-интернаттар;".
9. 9-статьянын 2-бөлүгүндөгү "болбосо башка уюштуруу документтеринде" деген сөздөр алып салынсын.
10. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
11. 12-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "адвокаттын, нотариустун, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана диний кызматкерлеринин, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын.
12. 13-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жана тейлөөнүн ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
13. 14-статьянын 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
14. 16-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга материалдык жардам берүүнүн тартиби жана өлчөмү Өкмөт тарабынан бекитилет.".
15. 18-статьянын:
1) 1-бөлүгүндөгү "майыптарга жана" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
16. 19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Социалдык патронаж көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
17. 20-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"20-статья. Кайрымдуулук ишканалары менен мекемелериндеги (хоспистердеги) социалдык кызматтар
Кайрымдуулук ишканалары жана мекемелери (хоспистер) тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
18. 22-статьянын 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүү пенсионердин же жөлөкпул алуучунун жашаган (катталган) жери боюнча жүргүзүлөт.".
19. 23-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Турак жай субсидияларынын өлчөмдөрү жана аларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
20. 26-статьянын:
1) бүткүл тексти боюнча "керектөөнүн кепилдикке алынып белгиленген минималдуу деңгээли", "минималдуу керектөө бюджети" деген сөздөр тиешелүү түрдө "кепилденген минималдуу киреше" жана "жашоо минимуму" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3) 4-бөлүгүндөгү "мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7-бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамга" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21. 29-берененин:
1) аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "кепилдиктер жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык кепилдиктер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык кепилдиктер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык кепилдиктер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында Мыйзам долбоору аркылуу "майып" деген атоону "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам" деген атоо үчүн тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Мыйзамдын "улгайган жарандар" атоосунун аныктамасын билдирген 2-беренесин эске алуу менен, Мыйзамдын долбоору аркылуу бүткүл текст боюнча "карыгандар", "улгайган адамдар"деген сөздөрдү "улгайган жарандар" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталууда. Ошондой эле Мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан министрликтерге жана ведомстволорго ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укуктар каралган жоболорду алып салуу каралууда. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Борбордук шайлоо комиссиясы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органдары ээ. Андыктан аталган Мыйзамдын 6-, 13-16-, 18-20-, 22-23-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Конституция аркылуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси келтирилгендиктен, Мыйзам долбоорунда калкка көрсөтүлгөн кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү боюнча ыйгарым укукту Өкмөткө жүктөө сунушталат. Жоболордогу карама-каршылыктарды жоюу жана бирдей аталыштарды колдонуу максатында жана Өкмөттүн "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акча компенсацияларын төлөп берүү жөнүндө" 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтому менен жеңилдиктер социалдык кепилдиктер менен алмаштырылганын эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Ошол эле мезгилде мыйзам долбоору аркылуу жогорудагы Мыйзамдан кайталанып калган ченемдерди алып салуу жана редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз. Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан баяндамасы | Сунушталган баяндамасы |
|---|---|
| [Ушул мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү курамдык бөлүгү катары Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнү жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| [1-статья. Социалдык жактан тейлөө Социалдык жактан тейлөө жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык жактан колдоо, социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү жана материалдык жактан жардам берүү, социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүлүүчү социалдык кызматтардын ишин билдирет.] | 1-БЕРЕНЕ. УШУЛ МЫЙЗАМДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ ПРЕДМЕТИ УШУЛ МЫЙЗАМ КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ ТАРМАГЫНДАГЫ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУНУН НЕГИЗДЕРИН АНЫКТАЙТ. СОЦИАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАШОО-ТИРИЧИЛИКТИН ООР КЫРДААЛЫНА КАБЫЛГАН ЖАРАНДАРГА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК КЫЗМАТТАРДЫ ЖАНА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМДЫ КӨРСӨТҮҮ, СОЦИАЛДЫК ЖАҢЫ ШАРТКА КӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА МУРДАГЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН ИШИН ТҮШҮНДҮРӨТ. |
| 3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: көзөмөлсүз калган бала - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо кызмат адамдары тарабынан аны тарбиялоо, окутуу жана багуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам жүрүш-турушу көзөмөлгө алынбаган жашы жете элек бала; кароосуз калган бала - жашаган жана (же) турган жери жок кароосуз калган бала; геронтологиялык борборлор - карыган адамдарга социалдык-медициналык жактан жардам көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар; девианттык жүрүш-туруш - коомдо кабыл алынган укуктук жана (же) адеп-ахлактык ченемдерге карама-каршы келген, анын ичинде коомдук коркунучтуу жүрүш-туруш; жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; - ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары; - ата-энелерин каза болду деп табуу; - эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу; - балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу; - тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу; [жана-белгиленген тартипте баланы ата энелеринин камкордугусуз калган деп тааныган башка учурларда;] социалдык кызматтын клиенти - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адам, ага ушуга байланыштуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт; аялдар (эркектер) үчүн кризистик-психологиялык борборлор үй-бүлөдөгү жана башка зомбулуктардан жапа чеккен аялдарга (эркектерге) жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - тулку боюндагы жана (же) психикасындагы кемчиликтердин натыйжасында функциялык чектөөлөрү бар, кандайдыр бир иш аткарууга жөндөмсүз адамдар; көп балалуу эне - беш жана андан ашык баланы төрөгөн жана тарбиялаган эне; жалгыз бой эне - багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган); улгайган жалгыз бой жарандар - жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 60 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 65 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер; кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер) - айыкпас дартка чалдыккандарга жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар; психологиялык-педагогикалык кызматтар - психологиялык жактан жардам көрсөтүү, ошондой эле тарбия берүү жагынан жардам көрсөтүү, окутуу, жүрүш-турушун оңдоо, методикалык адабият менен жабдуу, маектерди жана педагогикалык мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүү; социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси; социалдык жумуш - адамдардын, адамдардын топторунун жашоо-тиричиликтин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалынан арылуу үчүн алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн аларга социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында аларга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес таасир көрсөтүүнүн түрү; социалдык реабилитациялоо - адамдын дартка чалдыгуусунун, социалдык статусунун өзгөрүшүнүн, девиантык жүрүш-турушунун натыйжасында өзүн-өзү тейлөөгө, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө карата болгон бузулган же жоголгон жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого), ошондой эле майыптарга толук кандуу турмуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жана алардын укуктарын жана болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси; социалдык-турмуш-тиричилик кызматтары - материалдык-турмуш-тиричилик кызматтарын, тамак-ашты, турмуш-тиричиликти, эс алууну жана ритуалдык кызматтарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; социалдык-медициналык кызматтар - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүү, социалдык патронажды жүзөгө ашыруу, аларды социалдык-медициналык жактан реабилитациялоодо көмөк көрсөтүү; социалдык-укуктук кызматтар - пенсия менен камсыз кылуу, башка социалдык төлөмдөр маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштурууда жардам көрсөтүү, алардын таламдарын коргоо максатында сотто өкүл болуу жана башкалар; социалдык кызмат - менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар; социалдык кызмат көрсөтүү - социалдык кызматтын клиенттерине ушул Мыйзамда каралган жардам көрсөтүү боюнча аракеттер; социалдык патронаж - социалдык көзөмөлгө дайыма муктаж болушкан социалдык кызматтын клиенттерине көпчүлүк учурда үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүү, алардын турак жайына үзгүлтүксүз барып туруу, турмуш-тиричилик жагынан алар муктаж болушкан жардамдарды берүү жана анчейин татаал болбогон медициналык процедураларды жасоо; өзүнө-өзү жардам берүүгө түрткү берүү - социалдык кызматтардын жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган клиенттин андан чыгуу үчүн өз алдынча жол табууга болгон умтулуусун пайда кылуу боюнча жасаган аракеттери; жашоо-тиричиликтин оор кырдаалы - жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз алдынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына же оорусуна, жетимдигине, көзөмөлсүз калгандыгына, аз камсыз болгондугуна, жумушсуздугуна, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугуна, чыр-чатактарга жана үй-бүлөдөгү катаал мамилеге, жалгыздыкка кабылган жана башка ушул сыяктуу). | 3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: көзөмөлсүз калган бала - ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөр, болбосо кызмат адамдары тарабынан аны тарбиялоо, окутуу жана багуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам жүрүш-турушу көзөмөлгө алынбаган жашы жете элек бала; кароосуз калган бала - жашаган жана (же) турган жери жок кароосуз калган бала; геронтологиялык борборлор - карыган адамдарга социалдык-медициналык жактан жардам көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар; девианттык жүрүш-туруш - коомдо кабыл алынган укуктук жана (же) адеп-ахлактык ченемдерге карама-каршы келген, анын ичинде коомдук коркунучтуу жүрүш-туруш; жетим балдар - ата-энесинин экөө тең (же ата-энесинин бири) каза болгон, он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; ата-энесинин камкордугусуз калган балдар - төмөнкүлөргө байланыштуу ата-энесинин биринин же экөөсүнүн тең камкордугусуз калган он сегиз жашка чейинки курактагы адамдар; - ата-энелеринин жоктугу же алардын ата-энелик укуктарынан ажырагандыгы, алардын ата-энелик укуктарынын чектелгендиги, ата-энелерин дайынсыз жок, жарамсыз (жарамдуулугу чектелген) деп таануу, алардын дарылоо мекемелеринде болуулары; - ата-энелерин каза болду деп табуу; - эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жаткан, кылмыш жасагандыгынан шектелип жана айыпталып кайтарууда кармалуучу жерлерде болуу; - балдарын тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон ата-энелердин баш тартуусу; - тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык жактан коргоочу мекемелерден жана башка ушундай мекемелерден өздөрүнүн балдарын алуудан ата-энелердин баш тартуусу; КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. социалдык кызматтын клиенти - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адам, ага ушуга байланыштуу социалдык кызматтар көрсөтүлөт; аялдар (эркектер) үчүн кризистик-психологиялык борборлор үй-бүлөдөгү жана башка зомбулуктардан жапа чеккен аялдарга (эркектерге) жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - тулку боюндагы жана (же) психикасындагы кемчиликтердин натыйжасында функциялык чектөөлөрү бар, кандайдыр бир иш аткарууга жөндөмсүз адамдар; көп балалуу эне - беш жана андан ашык баланы төрөгөн жана тарбиялаган эне; жалгыз бой эне - багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган); улгайган жалгыз бой жарандар - жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 60 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 65 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер; кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер) - айыкпас дартка чалдыккандарга жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар; психологиялык-педагогикалык кызматтар - психологиялык жактан жардам көрсөтүү, ошондой эле тарбия берүү жагынан жардам көрсөтүү, окутуу, жүрүш-турушун оңдоо, методикалык адабият менен жабдуу, маектерди жана педагогикалык мүнөздөгү башка иш-чараларды жүргүзүү; социалдык жактан колдоо - жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык-экономикалык, укуктук жана башка мүнөздөгү социалдык кызматтардын комплекси; социалдык жумуш - адамдардын, адамдардын топторунун жашоо-тиричиликтин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалынан арылуу үчүн алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн активдештирүү үчүн аларга социалдык-медициналык, психологиялык-педагогикалык, социалдык-укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында аларга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес таасир көрсөтүүнүн түрү; социалдык реабилитациялоо - адамдын дартка чалдыгуусунун, социалдык статусунун өзгөрүшүнүн, девиантык жүрүш-турушунун натыйжасында өзүн-өзү тейлөөгө, кесиптик иштин ар кандай түрлөрүн иштөөгө карата болгон бузулган же жоголгон жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө (же компенсациялоого), ошондой эле майыптарга толук кандуу турмуш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жана алардын укуктарын жана болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси; социалдык-турмуш-тиричилик кызматтары - материалдык-турмуш-тиричилик кызматтарын, тамак-ашты, турмуш-тиричиликти, эс алууну жана ритуалдык кызматтарды уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; социалдык-медициналык кызматтар - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга баштапкы медициналык жардам көрсөтүү, социалдык патронажды жүзөгө ашыруу, аларды социалдык-медициналык жактан реабилитациялоодо көмөк көрсөтүү; социалдык-укуктук кызматтар - пенсия менен камсыз кылуу, башка социалдык төлөмдөр маселелери боюнча документтерди жол-жоболоштурууда жардам көрсөтүү, алардын таламдарын коргоо максатында сотто өкүл болуу жана башкалар; социалдык кызмат - менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн туруп калкты социалдык жактан тейлөө боюнча ишкердик менен алектенген жарандар; социалдык кызмат көрсөтүү - социалдык кызматтын клиенттерине ушул Мыйзамда каралган жардам көрсөтүү боюнча аракеттер; социалдык патронаж - социалдык көзөмөлгө дайыма муктаж болушкан социалдык кызматтын клиенттерине көпчүлүк учурда үйлөрүнө барып кызмат көрсөтүү, алардын турак жайына үзгүлтүксүз барып туруу, турмуш-тиричилик жагынан алар муктаж болушкан жардамдарды берүү жана анчейин татаал болбогон медициналык процедураларды жасоо; өзүнө-өзү жардам берүүгө түрткү берүү - социалдык кызматтардын жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган клиенттин андан чыгуу үчүн өз алдынча жол табууга болгон умтулуусун пайда кылуу боюнча жасаган аракеттери; жашоо-тиричиликтин оор кырдаалы - жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз алдынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына же оорусуна, жетимдигине, көзөмөлсүз калгандыгына, аз камсыз болгондугуна, жумушсуздугуна, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугуна, чыр-чатактарга жана үй-бүлөдөгү катаал мамилеге, жалгыздыкка кабылган жана башка ушул сыяктуу). |
| 4-статья. Социалдык жактан тейлөө объекттери Төмөндөгүлөр: - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар (чоңдор жана балдар); - кызматтык милдеттерин аткарууда алган жаратынан, контузияга, мертинүүгө же дартка чалдыккандыгына байланыштуу курман болгон (дайынсыз жок болгон) же өлгөн аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруучу жана катардагылардын курамындагы адамдардын аялы (эри), ата-энеси жана жашы жете элек балдары; - экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги концлагерлердин, геттолордун жана мажбурлап кармап туруучу башка жерлердин мурдагы туткундары; - саясий куугунтукка дуушар болгон жана кийин акталган адамдар; - жетим же ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар (ата-энеси) жана өтө кыйын же оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар; - көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар жана өспүрүмдөр; - девианттык жүрүш-туруштагы балдар жана өспүрүмдөр; - үй-бүлөдө катаал мамилеге жана зомбулукка учураган (баштан кечирген) балдар; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; - үй-бүлөдөгү жагымсыз моралдык-психологиялык абалдан жапа чеккен үй-бүлөлөр, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөр; - толук эмес үй-бүлөлөр; - ата-энеси жашы жете элек үй-бүлөлөр; - жардамга муктаж болгон студенттик үй-бүлөлөр; [- майып балдары бар үй-бүлөлөр;] - баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн жалгыз бой энелер; - баңгиликтен жана (же) аракечтиктен жапа чеккен жарандар; - айыкпас дарттан жапа чеккен жана СПИД дартына чалдыккан жарандар; - эркиндигинен ажыратуучу жайларда жазасын өтөп келген жарандар; - атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн адамдар; - радиациялык кыйроонун жана техногендик алааматтын кесепетинен радиациялык таасирге чалдыккан адамдар; - белгилүү бир жашаган жери жок адамдар; - дене-боюна жана психикалык зомбулукка дуушар болгон жарандар социалдык жактан тейленүүгө укуктуу. | 4-статья. Социалдык жактан тейлөө объекттери Төмөндөгүлөр: - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар (чоңдор жана балдар); - кызматтык милдеттерин аткарууда алган жаратынан, контузияга, мертинүүгө же дартка чалдыккандыгына байланыштуу курман болгон (дайынсыз жок болгон) же өлгөн аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруучу жана катардагылардын курамындагы адамдардын аялы (эри), ата-энеси жана жашы жете элек балдары; - экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги концлагерлердин, геттолордун жана мажбурлап кармап туруучу башка жерлердин мурдагы туткундары; - саясий куугунтукка дуушар болгон жана кийин акталган адамдар; - жетим же ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар (ата-энеси) жана өтө кыйын же оор турмуштук кырдаалда калган башка балдар; - көзөмөлсүз жана кароосуз калган балдар жана өспүрүмдөр; - девианттык жүрүш-туруштагы балдар жана өспүрүмдөр; - үй-бүлөдө катаал мамилеге жана зомбулукка учураган (баштан кечирген) балдар; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; - үй-бүлөдөгү жагымсыз моралдык-психологиялык абалдан жапа чеккен үй-бүлөлөр, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөр; - толук эмес үй-бүлөлөр; - ата-энеси жашы жете элек үй-бүлөлөр; - жардамга муктаж болгон студенттик үй-бүлөлөр; -ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ БАЛДАРЫ БАР ҮЙ-БҮЛӨЛӨР; - баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн жалгыз бой энелер; - баңгиликтен жана (же) аракечтиктен жапа чеккен жарандар; - айыкпас дарттан жапа чеккен жана СПИД дартына чалдыккан жарандар; - эркиндигинен ажыратуучу жайларда жазасын өтөп келген жарандар; - атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн адамдар; - радиациялык кыйроонун жана техногендик алааматтын кесепетинен радиациялык таасирге чалдыккан адамдар; - белгилүү бир жашаган жери жок адамдар; - дене-боюна жана психикалык зомбулукка дуушар болгон жарандар социалдык жактан тейленүүгө укуктуу. |
| [6-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик стандарттары Калкты социалдык жактан тейлөө социалдык кызматтардын көлөмүнө жана сапатына, аларды көрсөтүүнүн тартибине жана шарттарына карата негизги талаптарды белгилеген мамлекеттик стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. Социалдык жактан тейлөө тармагындагы мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик стандарттары белгилеген талаптар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы социалдык кызматтар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.] | 6-БЕРЕНЕ. СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨНҮН СТАНДАРТТАРЫ КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН КӨЛӨМҮНӨ ЖАНА САПАТЫНА, АЛАРДЫ КӨРСӨТҮҮНҮН ТАРТИБИНЕ ЖАНА ШАРТТАРЫНА ТАЛАПТАРДЫ БЕЛГИЛЕГЕН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРГА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. СОЦИАЛДЫК ТЕЙЛӨӨ МАСЕЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 7-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жана мекемелеринин комплекси Калкты социалдык жактан тейлөө уюмдарынын комплекси милдеттүү минимумдагы уюмдардын тутумунан, социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагынан турат. Милдеттүү минимум тутумуна төмөндөгү уюмдар: а) стационардык: - кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөр; - майып балдар үчүн жатак-үйлөр; [- жетим балдар жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдар үчүн жатак-үйлөр;] б) жарым-жартылай стационардык: - карыган адамдарды, майыптарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чек балдарды социалдык жактан тейлөө борборлору (күндүз боло турган бөлүмдөр); - үйдө социалдык жардам көрсөтүү борборлору; - балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык башпаана жайлары; - балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялоо борборлору; - үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү борборлору; в) стационардык эмес: - шашылыш түрдө психологиялык жардам көрсөтүү борборлору (ишеним телефону жана д.у.с.); - социалдык жактан тез жардам (оперативдүү) көрсөтүү кызматтары (кыдырма бригадалар); - каада-салт жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү борборлору кирет. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагына: - кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер); - түн ичинде боло турган үйлөр; - калкка психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү борборлору; - аялдар (эркектер) үчүн кризистик-психологиялык борборлор; - геронтологиялык борборлор; - жалгыз бой кары-картаңдар үчүн атайын үйлөр; - ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга жардам берүү борборлору; - балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптация борборлору); - зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн социалдык мейманканалар; - согуштун жана эмгектин ардагерлери үчүн акы төлөнүүчү пансионаттар; - социалдык дүкөндөр, ашканалар, турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү борборлору, прокаттык пункттар жана чеберканалар кирет; - үй-бүлөлүк балдар үйү. Менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан тейлөө уюмдарын түзүүнүн, анын иштешинин, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат. | 7-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жана мекемелеринин комплекси Калкты социалдык жактан тейлөө уюмдарынын комплекси милдеттүү минимумдагы уюмдардын тутумунан, социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагынан турат. Милдеттүү минимум тутумуна төмөндөгү уюмдар: а) стационардык: - кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак-үйлөр; - майып балдар үчүн жатак-үйлөр; - ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛҮҮ БАЛДАР ҮЧҮН ҮЙ-ИНТЕРНАТТАР; б) жарым-жартылай стационардык: - карыган адамдарды, майыптарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чек балдарды социалдык жактан тейлөө борборлору (күндүз боло турган бөлүмдөр); - үйдө социалдык жардам көрсөтүү борборлору; - балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык башпаана жайлары; - балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялоо борборлору; - үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жактан жардам көрсөтүү борборлору; в) стационардык эмес: - шашылыш түрдө психологиялык жардам көрсөтүү борборлору (ишеним телефону жана д.у.с.); - социалдык жактан тез жардам (оперативдүү) көрсөтүү кызматтары (кыдырма бригадалар); - каада-салт жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү борборлору кирет. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын кошумча тармагына: - кайрымдуулук ишканалары менен мекемелери (хоспистер); - түн ичинде боло турган үйлөр; - калкка психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү борборлору; - аялдар (эркектер) үчүн кризистик-психологиялык борборлор; - геронтологиялык борборлор; - жалгыз бой кары-картаңдар үчүн атайын үйлөр; - ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга жардам берүү борборлору; - балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптация борборлору); - зомбулукка дуушар болгон адамдар үчүн социалдык мейманканалар; - согуштун жана эмгектин ардагерлери үчүн акы төлөнүүчү пансионаттар; - социалдык дүкөндөр, ашканалар, турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү борборлору, прокаттык пункттар жана чеберканалар кирет; - үй-бүлөлүк балдар үйү. Менчигинин түрүнө карабастан социалдык жактан тейлөө уюмдарын түзүүнүн, анын иштешинин, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат. |
| 9-статья. Социалдык жактан тейлөөнү башкаруу Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумун башкаруу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды башкаруу алардын уставында, [болбосо башка уюштуруу документтеринде] аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. | 9-статья. Социалдык жактан тейлөөнү башкаруу Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумун башкаруу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарды башкаруу алардын уставында аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. |
| 11-статья. Социалдык кызматтардын негизги түрлөрү Жарандар: - социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарынан (мындан ары стационардык уюмдар) социалдык жактан тейленүүгө; - үйүндө социалдык жактан тейленүүгө; - социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарынын күндүз боло турган бөлүмдөрүнүн (мындан ары - күндүз болуу бөлүмдөрү) шарттарында социалдык жактан тейленүүгө; - убактылуу башпаана алууга; - материалдык жардамга; - консультациялык жардамга; - социалдык реабилитацияга, анын ичинде девианттык жүрүш-туруштагы балдар, жумушсуздар, зомбулукка дуушар болгондор; - социалдык патронажга; - кайрымдуулук ишканаларынан жана мекемелеринен (хоспистен) социалдык жактан тейленүүгө; - ата-эненин багуусунан ажыраган балдар социалдык жардамга; - пенсия жана жөлөкпул менен камсыз болууга; - ишкердик кылууда колдоо алууга (майыптар жана жалгыз бой кары-картаңдар); - социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейленүүгө; - ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга; - социалдык-психологиялык жактан тейленүүгө; - психологиялык-педагогикалык жактан тейленүүгө; - социалдык-медициналык жактан тейленүүгө; - ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка кызматтардан пайдаланууга укуктуу. Калкка көрсөтүлүүчү кепилдикке алынган социалдык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын [Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши] тарабынан бекитилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактын калкынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызматтардын аймактык тизмесин кабыл алышы мүмкүн. | 11-статья. Социалдык кызматтардын негизги түрлөрү Жарандар: - социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарынан (мындан ары стационардык уюмдар) социалдык жактан тейленүүгө; - үйүндө социалдык жактан тейленүүгө; - социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарынын күндүз боло турган бөлүмдөрүнүн (мындан ары - күндүз болуу бөлүмдөрү) шарттарында социалдык жактан тейленүүгө; - убактылуу башпаана алууга; - материалдык жардамга; - консультациялык жардамга; - социалдык реабилитацияга, анын ичинде девианттык жүрүш-туруштагы балдар, жумушсуздар, зомбулукка дуушар болгондор; - социалдык патронажга; - кайрымдуулук ишканаларынан жана мекемелеринен (хоспистен) социалдык жактан тейленүүгө; - ата-эненин багуусунан ажыраган балдар социалдык жардамга; - пенсия жана жөлөкпул менен камсыз болууга; - ишкердик кылууда колдоо алууга (майыптар жана жалгыз бой кары-картаңдар); - социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейленүүгө; - ата-эненин багуусунан ажыраган жана жетим балдар социалдык жардамга; - социалдык-психологиялык жактан тейленүүгө; - психологиялык-педагогикалык жактан тейленүүгө; - социалдык-медициналык жактан тейленүүгө; - ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген башка кызматтардан пайдаланууга укуктуу. Калкка көрсөтүлүүчү кепилдикке алынган социалдык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын ӨКМӨТҮ тарабынан бекитилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактын калкынын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызматтардын аймактык тизмесин кабыл алышы мүмкүн. |
| 12-статья. Стационардык уюмдарда социалдык жактан тейлөө Өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана алардын курагына жана ден соолугунун абалына ылайыктуу жашоо-турмуш шарттарын камсыз кылуу, медициналык, психологиялык, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү, тамактандыруу жана багуу, ошондой эле колунан келген ишке тартууну, эс алуусун жана бош убактысын өткөрүшүн уюштурууну камсыз кылуу аркылуу стационардык уюмдарда (медициналык-социалдык статусу бар) социалдык жактан тейлөө көрсөтүлөт. Стационардык мекемелерде туруктуу же убактылуу негизде жашап турушкан адамдар: - жашоо-тиричиликтин санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген шарттары менен өздөрүн кам кылууга; - багылууга; - майыптар жана улгайган курактагы жарандар протездик-ортопедиялык, тиш салуу (баалуу металлдардан жана керамикадан жасалган протездерден башка) жагынан акысыз жардам алууга; - социалдык-медициналык реабилитацияланууга жана социалдык жактан адаптацияланууга; - өздөрүнө [адвокаттын, нотариустун, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин, ошондой эле] ата-энелеринин жана башка адамдардын эркин келип турушуна; - адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгондо биринчи кезекте ооруканага жатууга укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап турушкан жашы жете элек балдар кошумча түрдө өздөрүнүн жекече жана акыл-эсинин жөндөмдүүлүгүнө ылайык билим алууга жана кесипке үйрөнүүгө укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында жашап турушкан адамдар өздөрүнүн ден соолугунун абалына туура келген эмгек терапиясына (эмгектенүүчү чеберканалар, көмөкчү чарбалар) катышышат. Стационардык уюмдарда жашап турушкан адамдардын каалоосу боюнча аларга кошумча түрдө: - өзүнчө палата берүү; - кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген кошумча медициналык кызматтар; - кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген ар кандай турмуш-тиричилик ыңгайлуулуктар түрүндөгү акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн. Стационардык социалдык жактан тейлөөдөгү акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен тиешелүү уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат. | 12-статья. Стационардык уюмдарда социалдык жактан тейлөө Өзүн өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү жана алардын курагына жана ден соолугунун абалына ылайыктуу жашоо-турмуш шарттарын камсыз кылуу, медициналык, психологиялык, социалдык мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү, тамактандыруу жана багуу, ошондой эле колунан келген ишке тартууну, эс алуусун жана бош убактысын өткөрүшүн уюштурууну камсыз кылуу аркылуу стационардык уюмдарда (медициналык-социалдык статусу бар) социалдык жактан тейлөө көрсөтүлөт. Стационардык мекемелерде туруктуу же убактылуу негизде жашап турушкан адамдар: - жашоо-тиричиликтин санитардык-гигиеналык талаптарына жооп берген шарттары менен өздөрүн кам кылууга; - багылууга; - майыптар жана улгайган курактагы жарандар протездик-ортопедиялык, тиш салуу (баалуу металлдардан жана керамикадан жасалган протездерден башка) жагынан акысыз жардам алууга; - социалдык-медициналык реабилитацияланууга жана социалдык жактан адаптацияланууга; - өздөрүнө ата-энелеринин жана башка адамдардын эркин келип турушуна; - адистештирилген медициналык жардамга муктаж болгондо биринчи кезекте ооруканага жатууга укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашап турушкан жашы жете элек балдар кошумча түрдө өздөрүнүн жекече жана акыл-эсинин жөндөмдүүлүгүнө ылайык билим алууга жана кесипке үйрөнүүгө укуктуу. Социалдык жактан тейлөөнүн стационардык уюмдарында жашап турушкан адамдар өздөрүнүн ден соолугунун абалына туура келген эмгек терапиясына (эмгектенүүчү чеберканалар, көмөкчү чарбалар) катышышат. Стационардык уюмдарда жашап турушкан адамдардын каалоосу боюнча аларга кошумча түрдө: - өзүнчө палата берүү; - кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген кошумча медициналык кызматтар; - кызматтардын кепилдикке алынган минимумуна кирбеген ар кандай турмуш-тиричилик ыңгайлуулуктар түрүндөгү акы төлөнүүчү кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн. Стационардык социалдык жактан тейлөөдөгү акы төлөнүүчү кошумча кызматтардын тизмеси колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен тиешелүү уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат. |
| 13-статья. Үйдөгү социалдык жактан тейлөө Карылыгына, оорусуна же майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон жана социалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу туруктуу же убактылуу стационардык эмес тейлөөгө муктаж болушкан жарандар социалдык жактан үйдө тейленет. Үйдөгү социалдык жактан тейлөөгө: - тамактандыруу, анын ичинде тамак-аш азыктарын үйгө жеткирип берүү; - дары-дармек каражаттарын, күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сатып алууга жардам көрсөтүү; - медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык мекемеге узатып баруу; - юридикалык жардамдарды андан бөлөк укуктук кызматтарды алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү; - каада-салт кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүү; - үйдө көрсөтүлүүчү башка социалдык кызматтар кирет. [Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жана тейлөөнүн ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ведомстволук ченемдик укуктук актылары жана үйдө социалдык кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик эмес уюмдардын уставдары тарабынан аныкталат.] | 13-статья. Үйдөгү социалдык жактан тейлөө Карылыгына, оорусуна же майыптыгына байланыштуу өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн толугу менен же жарым-жартылай жоготкон жана социалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу туруктуу же убактылуу стационардык эмес тейлөөгө муктаж болушкан жарандар социалдык жактан үйдө тейленет. Үйдөгү социалдык жактан тейлөөгө: - тамактандыруу, анын ичинде тамак-аш азыктарын үйгө жеткирип берүү; - дары-дармек каражаттарын, күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк жана өнөр жай товарларын сатып алууга жардам көрсөтүү; - медициналык жардам алууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык мекемеге узатып баруу; - юридикалык жардамдарды андан бөлөк укуктук кызматтарды алууну уюштурууга көмөк көрсөтүү; - каада-салт кызматтарын уюштурууга көмөк көрсөтүү; - үйдө көрсөтүлүүчү башка социалдык кызматтар кирет. КӨРСӨТҮЛӨ ТУРГАН КЫЗМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ ЖАНА ТЕЙЛӨӨ ЧЕНЕМДЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 14-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарында күндүз болуу Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүзгү уюмдарында өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жоготпогон жана баскан-турганы тың улгайган курактагы адамдарга жана майыптарга, ошондой эле башка жарандарга, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык, турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана башка жактан тейлөө көрсөтүлөт. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүз болуучу бөлүмдөрүндө төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт: - бир жолу берилүүчү тамак-аш уюштуруу; - күндүзгү тейлөө; - медициналык тейлөө; - социалдык коштоо. Күндүз болуучу бөлүмдөрдө ушул бөлүмдөрдө болгон жарандардын эс алуусун уюштурууга багытталган клубдар түзүлүшү мүмкүн. [Социалдык жактан тейлөө уюмдарындагы күндүз болуучу уюм жөнүндө типтүү Жобо, жарандарды кабыл алуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.] Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу ушул уюмдардын социалдык жактан тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндөгү типтүү жобого карама-каршы келбеген уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. | 14-статья. Социалдык жактан тейлөө уюмдарында күндүз болуу Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүзгү уюмдарында өзүн-өзү тейлөө жөндөмдүүлүгүн жоготпогон жана баскан-турганы тың улгайган курактагы адамдарга жана майыптарга, ошондой эле башка жарандарга, анын ичинде жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык, турмуш-тиричилик, социалдык-медициналык жана башка жактан тейлөө көрсөтүлөт. Социалдык жактан тейлөө уюмдарынын күндүз болуучу бөлүмдөрүндө төмөндөгү кызматтар көрсөтүлөт: - бир жолу берилүүчү тамак-аш уюштуруу; - күндүзгү тейлөө; - медициналык тейлөө; - социалдык коштоо. Күндүз болуучу бөлүмдөрдө ушул бөлүмдөрдө болгон жарандардын эс алуусун уюштурууга багытталган клубдар түзүлүшү мүмкүн. ТЕЙЛӨӨ УЮМДАРЫНДА ЖАРАНДАРДЫН КҮНДҮЗ БОЛУШУН УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ ТИПТҮҮ ЖОБО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу ушул уюмдардын социалдык жактан тейлөө уюмдарында жарандардын күндүз болушун уюштуруу жөнүндөгү типтүү жобого карама-каршы келбеген уставдарына ылайык жүзөгө ашырылат. |
| 16-статья. Материалдык жардам Материалдык жардам аткаруу бийлигинин органдары жана социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдары тарабынан жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга акчалай каражаттар, тамак-аш азыктары, кийим-кече, бут кийим жана күндөлүк керектеле турган башка нерселер, отун, ошондой эле атайын транспорт каражаттары, бирөөнүн багуусуна муктаж болгон майыптарды жана адамдарды реабилитациялоонун техникалык каражаттары түрүндө берилет. [Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга материалдык жардам берүүнүн тартиби жана өлчөмдөрү аткаруу бийлигинин органдары жана социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдары тарабынан аныкталат.] | 16-статья. Материалдык жардам Материалдык жардам аткаруу бийлигинин органдары жана социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес уюмдары тарабынан жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга акчалай каражаттар, тамак-аш азыктары, кийим-кече, бут кийим жана күндөлүк керектеле турган башка нерселер, отун, ошондой эле атайын транспорт каражаттары, бирөөнүн багуусуна муктаж болгон майыптарды жана адамдарды реабилитациялоонун техникалык каражаттары түрүндө берилет. ЖАШОО-ТИРИЧИЛИКТИН ООР КЫРДААЛЫНА КАБЫЛГАН ЖАРАНДАРГА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ӨЛЧӨМҮ ӨКМӨТ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 18-статья. Реабилитациялык кызматтар [Майыптарга-жана] ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жашы жете элек укук бузуучуларга, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жана реабилитациялык кызматтарга муктаж болушкан башка жарандарга социалдык кызматтар тарабынан кесиптик, социалдык, психологиялык реабилитациялык жардам көрсөтүлөт. [Реабилитациялык программалар жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.] Социалдык жактан тейлөөнүн реабилитациялык кызматтарын көрсөтүүчү мамлекеттик эмес уюмдар ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорго карама-каршы келбеген кошумча кызматтарды өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык көрсөтүшү мүмкүн. | 18-статья. Реабилитациялык кызматтар Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жашы жете элек укук бузуучуларга, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жана реабилитациялык кызматтарга муктаж болушкан башка жарандарга социалдык кызматтар тарабынан кесиптик, социалдык, психологиялык реабилитациялык жардам көрсөтүлөт. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. Социалдык жактан тейлөөнүн реабилитациялык кызматтарын көрсөтүүчү мамлекеттик эмес уюмдар ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорго карама-каршы келбеген кошумча кызматтарды өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык көрсөтүшү мүмкүн. |
| 19-статья. Социалдык патронаж Социалдык патронаж социалдык кызматтардан туруктуу социалдык көзөмөлгө, социалдык кызматкерлердин алардын үйлөрүнө үзбөй барып турушуна муктаж болушкан клиенттердин, негизинен үйдөгү социалдык жактан тейлөөнүн, алар муктаж болгон материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнүн жана эң жөнөкөй медициналык иштерди жасоонун түрү болуп саналат. [Социалдык патронаж көрсөтүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилүүчү атайын ченемдик укуктук актылар тарабынан жөнгө салынат.] | 19-статья. Социалдык патронаж Социалдык патронаж социалдык кызматтардан туруктуу социалдык көзөмөлгө, социалдык кызматкерлердин алардын үйлөрүнө үзбөй барып турушуна муктаж болушкан клиенттердин, негизинен үйдөгү социалдык жактан тейлөөнүн, алар муктаж болгон материалдык-техникалык жардам көрсөтүүнүн жана эң жөнөкөй медициналык иштерди жасоонун түрү болуп саналат. СОЦИАЛДЫК ПАТРОНАЖ КӨРСӨТҮҮНҮН ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| [20-статья. Кайрымдуулук ишканалары менен мекемелериндеги (хоспистердеги) социалдык кызматтар Кайрымдуулук ишканалары менен мекемелеринде (хоспистерде) көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын тизмеси аталган ишканалардын жана мекемелердин ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актысы менен аныкталат.] | 20-СТАТЬЯ. БООРУКЕРДИК ИШКАНАЛАРЫНДАГЫ ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИНДЕГИ (ХОСПИСТЕРДЕГИ) СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАР БООРУКЕРДИК ИШКАНАЛАРЫ ЖАНА МЕКЕМЕЛЕРИ (ХОСПИСТЕР) ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛГӨН СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕКИТЕТ. |
| 22-статья. Пенсиялар жана жөлөкпулдар менен камсыз кылуу [Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөп берүү республиканын ички иштер органдарынын каттоосуна ылайык пенсионер же жөлөкпул алуучунун жашаган жеринде белгиленген графикке ылайык жүзөгө ашырылат.] Пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирип берүүнү жүзөгө ашырган органдар башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон адамдарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте түздөн-түз жашаган жеринде төлөп берүүгө милдеттүү. Пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте алууга жана үйүнө жеткирип берүүгө муктаж болгон адамдардын тизмеси айыл жеринде айыл өкмөтү, шаарларда Социалдык фонддун жана калкты социалдык жактан коргоо органдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга берилет. | 22-статья. Пенсиялар жана жөлөкпулдар менен камсыз кылуу ПЕНСИЯЛАРДЫ ЖАНА ЖӨЛӨКПУЛДАРДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮ ПЕНСИОНЕРДИН ЖЕ ЖӨЛӨКПУЛ АЛУУЧУНУН ЖАШАГАН (КАТТАЛГАН) ЖЕРИ БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. Пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирип берүүнү жүзөгө ашырган органдар башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон адамдарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте түздөн-түз жашаган жеринде төлөп берүүгө милдеттүү. Пенсияларды жана жөлөкпулдарды биринчи кезекте алууга жана үйүнө жеткирип берүүгө муктаж болгон адамдардын тизмеси айыл жеринде айыл өкмөтү, шаарларда Социалдык фонддун жана калкты социалдык жактан коргоо органдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга берилет. |
| 23-статья. Турак жай субсидияларын берүү Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалында турган жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөй алышпаган жарандарга аткаруу бийлигинин органдары тарабынан турак жай субсидиялары берилет. [Турак жай субсидияларынын өлчөмү мамлекеттик стандарт тарабынан аныкталат, ал эми аларды берүүнүн тартибин аткаруу бийлигинин органдары белгилешет.] | 23-статья. Турак жай субсидияларын берүү Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалында турган жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөй алышпаган жарандарга аткаруу бийлигинин органдары тарабынан турак жай субсидиялары берилет. ТУРАК ЖАЙ СУБСИДИЯЛАРЫНЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫ БЕРҮҮ ТАРТИБИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. |
| 26-статья. Социалдык кызматтарга акы төлөө Социалдык кызматтар акысыз, жеңилдик (жарым-жартылай) менен акы алуу жана акы алуу менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда: - эгерде ушул жарандардын алган орточо кирешеси [керектөөнүн кепилдикке алынып белгиленген минималдуу деңгээлинен] төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жарандарга; - жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга; [эгерде ушул жарандардын жан башына алынган орточо кирешеси керектөөнүн кепилдикке алынып белгиленген минималдуу деңгээлинен төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү жөндөмсүз жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жалгыз бой жубайларга;] - жан башына алынган орточо кирешеси [керектөөнүн кепилдикке алынып белгиленген минималдуу деңгээлинин] төрт жолку өлчөмүнөн төмөн болгон майыптарга жана улгайган курактагы жарандарга социалдык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык жактан тейлөө улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана жан башына алынган орточо кирешеси [керектөөнүн кепилдикке алынып белгиленген минималдуу деңгээлинен] көп, бирок белгиленген [минималдуу керектөө бюджетинин] өлчөмүнөн ашпаган жарандарга көрсөтүлөт. [Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары] тарабынан кошумча негиздер белгилениши мүмкүн, алар боюнча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлөт. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү кызматтар ушул Мыйзамга ылайык калктын ушуларга укугу бар башка категорияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарда социалдык кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби алар тарабынан өз алдынча белгиленет. Башка мыйзамдарга ылайык социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык жактан акысыз тейленүүгө жана жарым-жартылай акы төлөөгө укугу бар адамдарга социалдык кызматтар [ушул мыйзамдарда] белгиленген тартипте көрсөтүлөт. | 26-статья. Социалдык кызматтарга акы төлөө Социалдык кызматтар акысыз, жеңилдик (жарым-жартылай) менен акы алуу жана акы алуу менен жүргүзүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда: - эгерде ушул жарандардын алган орточо кирешеси КЕПИЛДЕНГЕН МИНИМАЛДУУ КИРЕШЕСИНЕН төмөн болсо, улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана аларга жардам көрсөтүп бага турган туугандары болбогон жарандарга; - жетим жана ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга; КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. - жан башына алынган орточо кирешеси КЕПИЛДЕНГЕН МИНИМАЛДУУ КИРЕШЕСИНИН төрт жолку өлчөмүнөн төмөн болгон майыптарга жана улгайган курактагы жарандарга социалдык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Мамлекеттик социалдык кызматтар тутумунда жарым-жартылай акы төлөнүүчү социалдык жактан тейлөө улгайган курагына, оорусуна, майыптыгына жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн дагы башка себептерге байланыштуу өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз болгон жана жан башына алынган орточо кирешеси КЕПИЛДЕНГЕН МИНИМАЛДУУ КИРЕШЕСИНЕН көп, бирок белгиленген ТИРЛИК МИНИМУМУНУН өлчөмүнөн ашпаган жарандарга көрсөтүлөт. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ тарабынан кошумча негиздер белгилениши мүмкүн, алар боюнча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлөт. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы акы төлөнүүчү социалдык кызматтар жана жарым-жартылай акы төлөнүүчү кызматтар ушул Мыйзамга ылайык калктын ушуларга укугу бар башка категорияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Менчиктин башка түрүндөгү социалдык кызматтарда социалдык кызматтарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби алар тарабынан өз алдынча белгиленет. Башка мыйзамдарга ылайык социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык жактан акысыз тейленүүгө жана жарым-жартылай акы төлөөгө укугу бар адамдарга социалдык кызматтар МЫЙЗАМДАРДА АНЫКТАЛГАН ТАРТИПТЕ белгиленген тартипте көрсөтүлөт. |
| 29-статья. Социалдык кызматтын кызматкерлерине берилген [кепилдиктер менен жеңилдиктер] Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы кызматкерлерине берилген кепилдиктер менен жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык-медициналык жактан түздөн-түз тейлөөдө иштеген медициналык кызматкерлер мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда [жеңилдиктерден] пайдаланышат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жашы жете элек балдарды социалдык жактан реабилитациялоону түздөн-түз ишке ашырган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга билим берүү мекемелеринин жана жашы жете элек балдар үчүн атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринин педагогикалык кадрлары үчүн [жеңилдиктер] жайылтылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат. | 29-статья. Социалдык кызматтын кызматкерлерине берилген СОЦИАЛДЫК КЕПИЛДИКТЕР Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы кызматкерлерине берилген кепилдиктер менен жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык-медициналык жактан түздөн-түз тейлөөдө иштеген медициналык кызматкерлер мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда СОЦИАЛДЫК КЕПИЛДИКТЕРДЕН пайдаланышат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жашы жете элек балдарды социалдык жактан реабилитациялоону түздөн-түз ишке ашырган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга билим берүү мекемелеринин жана жашы жете элек балдар үчүн атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринин педагогикалык кадрлары үчүн СОЦИАЛДЫК КЕПИЛДИКТЕР жайылтылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат. |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндөгү "менчигинин түрүнө карабастан" деген сөздөр алып салынсын.
2. 19 жана 19-1-статьялар күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
"Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-ж., № 11, 458-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-статьянын биринчи абзацындагы жана 2-статьядагы "керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин" деген сөздөр "кепилденген эң төмөн кирешенин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьядагы ", Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген нормалары жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык чыгарылуучу башка мыйзам актылары" деген сөздөр "жана башка ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьянын экинчи абзацындагы "Эгерде башкача белгиленбесе" деген сөздөр алып салынсын.
3. 21-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "коргоо, социалдык өнүгүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан. Долбоордо "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө", "Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө", "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Мыйзамынын 19- жана 19-1-беренелерин күчүн жоготту деп табуунун зарылчылыгы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат. Ошону менен бирге, социалдык жөлөкпулдар мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрүнүн бири болуп эсептелет, ал эми ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү Өкмөт тарабынан бюджеттин мүмкүнчүлүгүнүн жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалынын эсебинен аныкталат. Ошондой эле, Мыйзамдын долбоору менен "Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Мыйзамынын 1-2-беренелеринин "керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин" деген сөздөр "кепилденген эң төмөнкү кирешенин" деген сөздөр менен алмаштырылуусу жөнүндө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Сунушталган өзгөртүүнүн негиздемеси берилген Мыйзамдын ченемдерин "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесине ылайык келтирүү болуп саналат, "кепилденген эң төмөнкү киреше" - бул Өкмөт тарабынан белгилене турган, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү дотациялоо аркылуу камсыз кылууга мүмкүндүк бере турган жашоо минимумун эске алуу менен бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жана экономиканын абалынан аныктала турган көрсөткүч, жашоо үчүн зарыл киреше. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү жыл сайын кайра кароодо ал жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш. Мындан тышкары, мыйзамдын долбоору менен "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү максатында кайра иштеп чыгуу сунушталат. Бул жоболордо ченемдик укуктук актылардын түрлөрү бекитилген, жана ошондой эле алардын юридикалык күчүнүн деңгээлине таасир эткен иерархиясы аныкталган. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесинин экинчи абзацында "Эгерде башкача белгиленбесе" деген сөздөр ушул беренеде каралган чечимди кабыл алуу тартибин аныктоочу конкреттүү органды белгилөө үчүн, жана ошондой эле коррупциялык факторлорго жол бербөө үчүн алынып салынуусу сунушталат. Административдик өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүүлөргө учураганын эске алуу менен, аталган Мыйзамдын 21-беренесинде мамлекеттик органдардын так аталыштарын көрсөтүүнүн ордуна, "____________ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген турпатташтырлыган термин менен көрсөтүү сунушталат. Ошондой эле, көрсөтүлгөн долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Мындан тышкары, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, берилген мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 22-беренесине ылайык мыйзамдын долбоору коомдук талкуулоо процедурасын жүргүзүү максатында мамлекеттик интернет-порталына (www.gov.kg) жайгаштырылган. Бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттардын сарпталышына алып келбээрин кошумчалап белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| "Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына | |
| 1-статья. Бул Мыйзамдын колдонулушу Бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган адамдарга жана [менчигинин түрүнө карабастан] аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат. Бул Мыйзамда каралган учурларда, мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар иштебеген пенсионерлерге, курагы боюнча же кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган аскер кызматкерлерине, башталгыч кесиптик жана кесиптик орто техникалык окуу жайлары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттарга баккан адамы менен чогуу келген үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет. | 1-статья. Бул Мыйзамдын колдонулушу Бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган адамдарга жана аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат. Бул Мыйзамда каралган учурларда, мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар иштебеген пенсионерлерге, курагы боюнча же кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган аскер кызматкерлерине, башталгыч кесиптик жана кесиптик орто техникалык окуу жайлары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттарга баккан адамы менен чогуу келген үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет. |
| [19-статья. Мамлекеттик пособиелер Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган мамлекеттик пособиелердин өлчөмдөрү райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө айлык [керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин] үч эселенген өлчөмүндө төмөнкүдөй кошумча социалдык жөлөк пул дайындалсын: - балдарга - алар он алты жашка толгонго чейин; билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары студенттерине окутуу формасына карабастан алар жыйырма бир жашка толгонго чейин; - ата-энелерине (атасына, энесине) - өмүр бою; - иштебеген жана экинчи жолу никеге турбаган жесирлерге - өмүр бою айлык керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин өлчөмүндө. | 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө айлык КЕПИЛДЕНГЕН ЭҢ ТӨМӨНКҮ КИРЕШЕНИН үч эселенген өлчөмүндө төмөнкүдөй кошумча социалдык жөлөк пул дайындалсын: - балдарга - алар он алты жашка толгонго чейин; билим берүү мекемелеринин окуучуларына - алар он сегиз жашка толгонго чейин; башталгыч кесиптик окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары студенттерине окутуу формасына карабастан алар жыйырма бир жашка толгонго чейин; - ата-энелерине (атасына, энесине) - өмүр бою; - иштебеген жана экинчи жолу никеге турбаган жесирлерге - өмүр бою айлык керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин өлчөмүндө. |
| 2-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга алардын ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келгенге чейин же өмүр бою айлык [керектөөнүн гарантияланган төмөнкү чегинин деңгээлинин] үч эселенген өлчөмүндө кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын. | 2-статья. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга алардын ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келгенге чейин же өмүр бою айлык КЕПИЛДЕНГЕН ЭҢ ТӨМӨНКҮ КИРЕШЕНИН үч эселенген өлчөмүндө кошумча социалдык жөлөкпул дайындалсын. |
| "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | |
| 2-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоого байланыштуу мамилелер ушул Мыйзам, [Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген нормалары жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык чыгарылуучу башка мыйзам] актылары тарабынан жөнгө салынат. | 2-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоого байланыштуу мамилелер ушул Мыйзам ЖАНА БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК актылары тарабынан жөнгө салынат. |
| 4-статья. Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды белгилөө Бул Мыйзамда Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарга берилүүчү акчалай жана башка материалдык компенсациялардын айкын өлчөмү белгиленет. [Эгерде башкача белгиленбесе] ушул Мыйзамда белгиленген акчалай жана башка материалдык компенсациялардын тартиби жана айкын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. | 4-статья. Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды белгилөө Бул Мыйзамда Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарга берилүүчү акчалай жана башка материалдык компенсациялардын айкын өлчөмү белгиленет. Ушул Мыйзамда белгиленген акчалай жана башка материалдык компенсациялардын тартиби жана айкын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. |
| 21-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн граждандардын жоопкерчилиги Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө туура эмес маалымат берген граждандар Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин чечими менен жоюучунун статусунан ажыратылат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш кабыл алынган чечим жөнүндө [Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна] жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. | 21-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн граждандардын жоопкерчилиги Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө туура эмес маалымат берген граждандар Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин чечими менен жоюучунун статусунан ажыратылат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш кабыл алынган чечим жөнүндө КОРГОО, СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ, МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖАНА ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО ЧӨЙРӨЛӨРҮНДӨ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНА укуктук ыйгарым мамлекеттик органдарына жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кенешинин 012-жылдын 15-ноябрындагы № 2485-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2485-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2482-V "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 15.11.2012 · № 2482-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2483-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2483-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2484-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы…Постановление · 15.11.2012 · № 2484-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2890-V "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.03.2013 · № 2890-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2891-V "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.03.2013 · № 2891-V
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга…Закон · 16.10.2002 · № 143
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндөЗакон · 28.06.1996 · № 33
- Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 133
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 05.07.2017 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 29.12.2009 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон