Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
101-статья. Түрмөлөр
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 14-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн жазасынын мөөнөтүн түрмөдө, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөттө өтөгөн соттолгон адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50-статьясында каралган негиздер боюнча түзөтүү абактарынан которулган адамдар түрмөлөрдө кармалат. (2) Ошондой эле ушул Кодекстин 49-статьясында каралган тартипте түрмөдө калтырылган адамдар да жазасын түрмөлөрдө өтөйт. (3) Соттолгондор түрмөлөрдө жалпы камераларда кармалат жана бирдей үлгүдөгү кийим кийишет. Зарыл учурларда соттолгондор түрмөнүн зардалынын жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча жеке камераларда кармалат. (4) Соттолгондорду камераларга жайгаштыруу ушул Кодекстин 52-статьясында каралган талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Түрмөдө чарбалык тейлөө жумуштары үчүн калтырылган соттолгондор да калган соттолгондордон бөлөк кармалат. (5) Жазасын түрмөдө өтөп жаткан соттолгондор:
1) тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын өлчөмүнүн бирөөсүнөн ашпаган суммадагы акча чыгымдоого;
2) жыл ичинде төрт кыска мөөнөттүү жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;
3) жыл ичинде үч аманат жөнөтүү же үч берип жиберүү жана эки бандероль алууга;
4) күн сайын бир жарым сааттык узактыктагы сейилге чыгуудан пайдаланууга;
5) жылына телефон аркылуу 4 жолу сүйлөшүүгө укуктуу.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-101" title="101-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>