46-статья. Түзөтүү мекемелеринин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(1) Жатак абактар, түзөтүү абактары, тарбия абактары, түрмөлөр, түзөтүү мекемелери болуп саналат. (2) Түзөтүү мекемелери мамлекеттик же менчик болушу мүмкүн. Менчик түзөтүү мекемесин уюштуруу атайын мыйзам тарабынан жөнгө салынат. (3) Тергөө изоляторлору чарбалык жагынан тейлөө боюнча жумуштарга калтырылган соттолгондорго карата түзөтүү мекемелеринин милдетин аткарат. (4) Түзөтүү абактары эркиндигинен ажыратууга соттолгон, эрезеге жеткендердин жазасын өтөө үчүн арналган. Алар жалпы, күчөтүлгөн, катуу, өзгөчө тартиптеги абактарга бөлүнөт. Бир түзөтүү абагында ар түрдүү режимдеги бири-биринен бөлүнгөн участоктор түзүлүшү мүмкүн. Мындай түзөтүү абактарынын тизмеги жазык-аткаруу тутумунун борбордук органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан бекитилет. (5) Жатак-абактарда жазасын байкабастыктан жасаган кылмышы үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор (эркектер менен аялдар), ошондой эле ушул Кодекстин 50-статьясында белгиленген тартипте жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан которулуп келген соттолгондор өтөшөт. (6) Жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында эркектер, анча оор эмес кылмыштарды, оор эмес кылмыштарды атайын жасагандыгы үчүн соттолгондор, байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылгандар жана айып, үч эселенген айып, коомдук иштерге тартуу, түзөтүү жумуштары же эркиндиги чектелген жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында белгиленген тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулгандар жазаларын өтөшөт. (7) Күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер, ошондой эле ушул Кодекстин 111-статьясында белгиленген тартипте тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор өтөшөт. (8) Катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын, эгерде бул адам мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөсө, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаса, өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган эркектер өтөшөт. (9) Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жазасын өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер, эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар өтөшөт. (10) Түрмөлөрдө жазасынын мөөнөтүн, өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн, өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле түзөтүү абактарынан которулган жазасын өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузгандар жаза мөөнөтүн өтөшөт, бирок ал беш жылдан ашпайт. (11) Аялдар үчүн жалпы тартиптеги абактарда жазасын чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарды, оор кылмыштарды, байкабастыктан жасалган кылмыштары үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон аялдар, эгерде бул аял мурда коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөсө, коркунучтуу өнөкөт кыл- мыштарды, коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына тартуу же эркиндигин чектөө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылгандар, ошондой эле ушул Кодекстин 50 жана 111-статьяларында белгиленген тартипте жатак-абактардан жана тарбиялоо абактарынан которулган соттолгондор өтөшөт. (12) Аялдар үчүн катуу тартиптеги абактарда жазасын өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгон адамдар өтөшөт. (13) Жашы жете элек эркек балдар үчүн жалпы тартиптеги тарбия абактарында эркиндигинен ажыратуу биринчи жолу соттолгон жашы жете элек эркек балдар өтөшөт. (14) Жашы жете элек эркек балдар үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактарында жазасын мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөгөн жашы жете элек эркек балдар өтөшөт. (15) Жашы жете элек кыздар үчүн жалпы тартиптеги тарбия абактарында жазасын жашы жете элек бардык кыздар өтөшөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.02.2010 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тутумунун борбордук органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Юстиция министрлиги кошулду: Өкмөт тарабынан бекитилет.
(5) Жатак-абактарда жазасын байкабастыктан … эле ушул Кодекстин 50-статьясында белгиленген тартипте жалпы, алынып салынды: күчөтүлгөн кошулду: күчөтүлгөн, катуу жана алынып салынды: катуу кошулду: өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынан которулуп келген соттолгондор … жете элек бардык кыздар өтөшөт.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 01.02.2012 · № 76 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-46" title="46-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>