102-статья. Тарбия абактары
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
(1) Тарбия абактарында жаза өтөөнүн адаттагы жана жеңилдетилген шарттары белгиленет. (2) Тарбия абактарында, которулуу менен же жеңилдик берүүчү шарттарынан которулган соттолгондор жазасын адаттагы шарттарда өтөйт. (3) жазаны адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондорду шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотууга даярдоо үчүн иш жүзүндөгү мөөнөттү өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат:
1) анча чоң эмес оордуктагы жана оор эмес кылмыштар үчүн сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн төрттөн биринен кем эмесин;
2) оор кылмыш үчүн сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн үчтөн биринен кем эмесин;
3) өзгөчө оор кылмыш үчүн, ошондой эле эгер ал адам мурда атайлап жасаган кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо, жазанын мөөнөтүнүн жарымынан кем эмесин.
(4) Жазасын жеңилдик берүүчү шарттарда өтөп жаткан, кыянаттык менен тартип бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы шарттарга которулат. Жеңилдик берүүчү шарттарга экинчи жолу которуу адаттагы шарттарга кайра келгенден кийин кеминде алты айдан кийин жүргүзүлөт. (5) Соттолгондорду жаза өтөөнүн бир шартынан экинчи шартына которуу, абактын окуу-тарбиялоо кеңешинин сунушу боюнча абактын зардалы тарабынан жүргүзүлөт. (6) Соттолгон жаза өтөөнүн жеңилдетилген шарттарынан демейки шарттарына которууга макул болбогон учурда, ал которуу жөнүндө чечимге мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
102-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-102" title="102-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>