100-2-статья. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында эркиндигинен
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 14-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жатышкан соттолгондор үчүн эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүн өтөөнүн шарттары
(1) Эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, эреже катары, камераларга эки адамдан көп эмес жайгаштырылат. Соттолгондордун өтүнүчү боюнча жана башка зарыл учурларда соттолгондордун жеке коопсуздугуна коркунуч туулганда түзөтүү абагынын начальнигинин токтому боюнча алар жеке камераларда кармалышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн соттолгондордун эмгеги соттолгондорду камераларда кармоонун талаптарын эске алуу менен уюштурулат. (2) Соттолгондор күнүгө узактыгы бир жарым сааттык сейилдөөгө укуктуу. Соттолгон өзүн жакшы алып жүрсө жана мүмкүнчүлүк болгондо сейилдөө убактысы эки саатка чейин узартылышы мүмкүн. (3) Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарына келгенден кийин бардык соттолгондор жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарында жайгаштырылат. Жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарынан жаза өтөөнүн демейки шарттарына которуу жаза өтөөнүн 10 жылдан кем эмесин жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарында өтөгөндөн кийин ушул Кодекстин 99-статьясынын жетинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча жүргүзүлөт. Эгерде соттолгонго тергөө изоляторундагы мезгилинде жаза чарасы түрүндө айып изоляторуна же жалгыз камерага отургузуу колдонулбаса, анын жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттардагы мөөнөтү камакка алынган күндөн тартып эсептелет. (4) Жаза өтөөнүн демейки шарттарында 10 жылдан кем эмес мөөнөт өтөгөндөн кийин соттолгондор ушул Кодекстин 99-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеңилдетилген шарттарга которулушу мүмкүн. (5) Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянат бузуучулар катары таанылган жана жазаны жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн демейки же күчөтүлгөн шарттарына, ал эми демейки шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондор жаза өтөөнүн күчөтүлгөн шарттарына которулушат. Кайрадан жаза өтөөнүн демейки болбосо жеңилдетилген шарттарына которуу ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган тартипте жүргүзүлөт. (6) Соттолгондордун демейки, жеңилдетилген жана күчөтүлгөн шарттарда жаза өтөөлөрүнүн тартиби тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектүү нерселерди сатып алууга каражаттарды" сарптоого, жолугушуулардын санына жана түрүнө, посылкалардын, жөнөтүүлөрдүн жана бандеролдордун санына тийиштүү бөлүгү ушул Кодекстин 100-статьясында аныкталат. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
100-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 99-статья. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында эркиндигинен
- 100-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-100-2" title="100-2-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>