75-статья. Соттолгондорду эмгекке тартуу
Күчүн жоготкон · 14.06.2017 редакциясы · 12-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Ар бир соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аныкталган жерлерде жана жумуштарда эмгектенүүгө милдеттүү. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондорду алардын жынысын, курагын, эмгекке жарактуулугун жана мүмкүнчүлүгүнө жараша адистигин эске алуу менен коомдук пайдалуу эмгекке тартууга милдеттүү. Соттолгондор, эреже катары, ушул мекемелердин өндүрүшүндө, ал эми айрым учурларда - тиешелүү кайтарууну жана бөлөк кармоону камсыз кылуунун шарттарында мамлекеттик же менчиктин башка түрүндөгү ишканаларда эмгекке тартылат. Соттолгондор жеке өз алдынча эмгектенүүгө укуктуу. (2) Пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектер жана аялдар, ошондой эле I жана II топтогу майыптар эмгекке өздөрүнүн каалоосу боюнча тартылат. Жашы жете элек соттолгондор эмгекке Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартылат. (3) Жазасын ушул Кодекстин 101 - статьясынын тогузунчу бөлүгүнө ылайык түрмөлөрдө өтөп жаткан соттолгондордун эмгеги түрмөнүн аймагында гана уюштурулат. (4) Соттолгондорду пайдаланууга тыюу салынган жумуштардын жана кызматтардын тизмеси Түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери тарабынан белгиленет. (5) Соттолгондорду ишке тартуу менен жүргүзүлгөн өндүрүштүк иш түзөтүү мекемелеринин негизги милдеттерин; - соттолгондорду түзөтүүнү аткарууга тоскоолдук кылбоого тийиш. (6) Соттолгондорго эмгектик чыр - чатактарды чечүү максатында жумушту токтотууга тыюу салынат. Жумуштан баш тартуу же жумушту токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп эсептелет жана жаза - чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/11/st-75" title="75-статья - Жазык-аткаруу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>