10-статья. Микрофинансы уюмдарын кайра уюштуруу жана/же жоюу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Микрофинансы уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу юридикалык жактын органынын, же Улуттук банктын чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн.
2. Микрофинансы уюму анын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн, мында микрофинансы уюму белгиленген мөөнөттө лицензиянын же күбөлүктүн түп нускасын Улуттук банкка өткөрүп берүүгө жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш.
Микрофинансы уюмун жоюу боюнча милдеттер, анын ичинде ушул статьянын 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, микрофинансы уюмунун лицензиясы же күбөлүгү Улуттук банк тарабынан чакырып алынганда, анын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо микрофинансы уюмунун уставы менен жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт.
3. Микрокредиттик агенттик жоюлган учурда кредиторлордун доолорун канааттандыруудан кийин калган бардык мүлк коммерциялык эмес уюмдардын уставдык максаттарын жүзөгө ашырууга багытталат.
4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат.
5. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2005-жылдын 1-декабрындагы № 157, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2005 года № 157 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу алынып салынды: "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар кошулду: "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык … 157, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 кошулду: 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 28 июня 2006 года № 19/4 "О некоторых нормативных актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 28.06.2006 · № 19/4
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (3)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 11.08.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>