Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Микрофинансы уюмдарынын иши
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60
1. Микрофинансы компаниясы өз ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүү укугуна Улуттук банктан лицензия алууга милдеттүү.
2. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттигин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу Улуттук банктан күбөлүк алууга милдеттүү. Микрокредиттик компанияларга же микрокредиттик агенттиктерге эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.
3. Микрофинансы уюмдары, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жери боюнча өз аталыштарын көрсөткөн көрнөккө ээ болуулары тийиш. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталыштары башкы уюмдун аталышына ылайык келиши керек. Микрофинансы уюмдарынын жана алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жери өзгөргөндө микрофинансы уюмдары бул тууралуу өз убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органына жана Улуттук банкка маалымдоосу керек.
4. Ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырып жаткан микрофинансы уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы, бул максаттарда аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгара алган Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөөгө алынат.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
26.04.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик өз алынып салынды: иш-
терин кошулду: иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан микрокредиттик компанияны жана/же … ченемдик актыларында белгиленген жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.
кошулду: 3. Микрофинансы уюмдары, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жери боюнча өз аталыштарын көрсөткөн көрнөккө ээ болуулары тийиш. Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн аталыштары башкы уюмдун аталышына ылайык келиши керек. Микрофинансы уюмдарынын жана алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жери өзгөргөндө микрофинансы уюмдары бул тууралуу өз убагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органына жана Улуттук банкка маалымдоосу керек.
4. Ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырып жаткан микрофинансы уюмдарына карата монополияга каршы мыйзамдардын талаптарынын сакталышы, бул максаттарда аткаруу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларды чыгара алган Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөөгө алынат.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>