Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында микрофинансы уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 1-декабрындагы № 157
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында микрофинансы уюмдары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2005-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши тарабынан
кабыл алынган
1-статья. "Кыргыз Республикасында мимикрофинансы уюмдары жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьяда:
1-пункт "ылайык," деген сөздөн кийин "анын уюштуруучуларынын
(катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтерине ыйгарым укуктуу
юридикалык жактын органынын, же" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттагы "жоюлушу мүмкүн" деген сөздөрдүн алдындагы "өз ыкты-
яры менен" деген сөздөр алып салынсын.
2. 37-статьяда:
2-пункттагы "уюму" жана "уюмунун" деген сөхдөр тиешелүүлүгүнө
жараша "компаниясы" жана "компаниясынын" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Микрокредиттик компания/агентство өз ишинде тышкы аудитти
жүргүзө алат.";
3-пункт 4-пункт деп эсептелсин.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124