35-статья. Микрокредиттик компаниялар менен микрокредиттик агенттиктердин иштөө өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 238
1. Микрокредиттик агенттиктер өз ишин ушул Мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат.
2. Өз иштерин жана/же донорлордун агенттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга киришээрден мурда микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттик Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык, Улуттук банктын күбөлүгүн алууга милдеттүү.
3. Микрокредиттик компания менен/же микрокредиттик агенттиги эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк алуу үчүн төмөндөгү документтерди эки нускада берет:
1) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген формада күбөлүк алууга арызды;
2) уюмдаштыруу документтеринин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн;
4) микрокредиттик компаниянын жана/же микрокредиттик агенттиктин башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмесин, микрокредиттик компаниянын жана/же микрокредиттик агенттиктин ишинин тартибин;
5) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсеп-чотуна (микрокредиттик агенттиктен тышкары) каражаттардын салынганын тастыктаган документти;
6) микрокредиттик компаниянын уставдык капиталы катары төгүлгөн акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу уюштуруучулар тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.
4. Арызды жана эсепке алуу каттоосуна керектелүүчү бардык документтерди алгандан кийин Улуттук банк бир айдан кийин эсепке алуу каттоосунан өткөндүгү тууралу күбөлүк берүүгө болбосо аны алууга макулдук берилбегенин билдирүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөткө микрокредиттик компанияны жана/же микрокредиттик агенттикти юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон (кайра каттоодон) өтүүнүн убактысы кирбейт.
5. Эгерде күбөлүк алуу үчүн Улуттук банкка берилген документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келбесе, анда кароо мөөнөтү талапка жооп берген документтер алынган күндөн тартып башталат.
6. Күбөлүк берүүгө макулдук берилбесе, болбосо күбөлүк алууга берилген арыз кайтарылып алынса, күбөлүк алуу үчүн берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт.
7. Улуттук банкка берилген кандай болбосун маалыматка тийиштүү өзгөртүүлөр болгон учурда, арыз берүүчү бул жөнүндө Улуттук банкка токтоосуз кабарлоого жана өзгөртүүлөрдү камтыган документтерди алар пайда болгон учурдан тартып үч күндүн ичинде Улуттук банка берүүгө тийиш. Улуттук банк арызды жана талап кылынган бардык документтерди кароонун мезгилин он жумушчу күнгө узартышы мүмкүн.
8. Микрокредиттик компанияга жана микрокредиттик агенттикке күбөлүк берүүнүн же берүүдөн баш тартуунун жана күбөлүктү кайтарып алуунун тартиби Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленет.
9. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. Микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик, алардын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, катышуучулар (уюштуруучулар, акционерлер) жана микрокредиттик компания жана/же микрокредиттик агенттик менен байланышкан жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана ар кандай маалыматтарды өз убагында берүүгө милдеттүү.
10. Улуттук банк же ал ыйгарым укук берген орган (жак) ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин операцияларын жана бүтүмдөрүн чектөөгө, эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн колдонулушун токтото турууга жана кайтарып алууга укуктуу. Эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктү чакыртып алуу ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин жоюлушуна алып келет.
11. Улуттук банк микрокредиттик компанияны жана микрокредиттик агенттикти Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу финансы-кредиттик жана кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар үчүн каттоо органы менен макулдашуу боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча жана тартипте каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) макулдук катты берет.
12. Улуттук банк микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 5-1-глава Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана микрофинансы уюмдарынын жоопкерчиликтери
(Глава КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге карата ушул алынып салынды: Мыйзамда кошулду: Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткордук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана таасир алынып салынды: көрсөтүү кошулду: этүү чараларын колдонууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 … 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 кошулду: , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-1-глава
Керектөөчүлөрдүн…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 29-майындагы № 21/1 ""Микрофинансылык уюмдардын иши жөнүндө" токтому"Постановление · 29.05.2012 · № 21/1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1081/st-35" title="35-статья - Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>