Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 29 августа 2022 года № 474 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики, регулирующие условия оплаты труда работников бюджетной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 7-августу № 466 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-5-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте каражаттарды издештирсин жана "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Ушул токтом 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме "2-тиркеме Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына эселүүлүк коэффициенттери
Кызмат орундун аталышы
Эселүүлүк коэффициенттери
Министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы, Социалдык фонддун төрагасы
4,9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, административдик ведомствонун директору (төрагасы), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы
4,5
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - райондун акими
3,8
3-тиркеме Айрым мамлекеттик органдардагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына эселүүлүк коэффициенттери
Кызмат орундун аталышы
Эселүүлүк коэффициенттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
4,9
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын директору
4,5
4-тиркеме Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына эселүүлүк коэффициенттери
Кызмат орундун аталышы
Эселүүлүк коэффициенттери
1
Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык кеңешинин төрагасы
4,5
2
Облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, облустук маанидеги шаардын мэри
3,8
3
Райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, райондук маанидеги шаардын мэри
3,0
4
Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамдан жогору болгондо)
2,7
5
Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болгондо)
2,6
5-тиркеме Административдик кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу эселүүлүк коэффициенттеринин торчосу
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат орундарынын классификациясы/кадамдары
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
Жогорку "А"
3,36
3,53
3,71
3,9
4,1
4,31
4,53
4,76
5,0
5,25
Жогорку "Б"
3,05
3,2
3,36
3,53
3,71
3,9
4,1
4,31
4,53
4,76
Башкы "А"
2,5
2,63
2,76
2,9
3,05
3,2
3,36
3,53
3,71
3,9
Башкы "Б"
2,27
2,38
2,5
2,63
2,76
2,9
3,05
3,2
3,36
3,53
Улук "А"
2,06
2,16
2,27
2,38
2,5
2,63
2,76
2,9
3,05
3,2
Улук "Б"
1,88
1,97
2,07
2,17
2,28
2,39
2,51
2,64
2,77
2,91
Кенже "А"
1,71
1,8
1,89
1,98
2,08
2,18
2,29
2,4
2,52
2,65
Кенже "Б"
1,55
1,63
1,71
1,8
1,89
1,98
2,08
2,18
2,29
2,4
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" мурда күчүндө болгон токтомунун 4-тиркемесине ылайык ыйгарылган коэффициенттердин торчосундагы кадамдарды ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосуна шайкеш келтирүү максатында төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15 жана 16-кадамдар ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, министрликте иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 9-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 жана 15-кадамдар ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, административдик ведомстводо иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 7-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Окуу борбору үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемесинде иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 7-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынын) түзүмдөрү, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондорунун аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык кызматтары үчүн каралган коэффициеттердин торчосундагы 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 жана 13-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициеттердин торчосунда 5-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаарлардын) түзүмдөрү, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын административдик райондорунун райондук түзүмдөрү үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 жана 12-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, мамлекеттик органдын райондук түзүмүндө иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 4-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, райондук маанидеги шаардын мэриясында иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 3-кадамда турган муниципалдык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, айыл өкмөтүндө иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 3-кадамда турган муниципалдык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет).
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюунун же кайра уюштуруунун натыйжасында, анын штатын кыскартуунун натыйжасында кызматкер төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен, же кыйла төмөн базалык ставка менен төмөн турган категориядагы кызмат ордуна дайындалган учурда, кызматчыга жогоруда аталган орточо эмгек акысы сакталат же бул эмгек акылардын кайсынысы кыйла жогору экендигине жараша ушул тиркемеде белгиленген коэффициенттерди колдонууга негизделген эмгек акы төлөнөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 33 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (33)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 2021-VI "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө"…Постановление · 29.11.2017 · № 2021-VI
- И. Осмонкулов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы №25 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтому жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2017 · № 25
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 1 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашаларынын долбоорун жана 2019-2020-жылдарга…Постановление · 27.12.2017 · № 1
- Курманбек айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 2 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга…Постановление · 25.01.2019 · № 2
- Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 30-январындагы №11-1 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын, 2020-2021-жылдардын долбоорлорун…Постановление · 30.01.2019 · № 11-1
- Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 "Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2021 · № 1
- Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2017-жылдын 4-декабрындагы № 2 “Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетин бекитүү жана 2018-2019 жж. бюджетинин болжолу (прогноз) жөнүндө”…Постановление · 04.12.2017 · № 2
- Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 3 "Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоору жана 2024-2025-жылдарга…Постановление · 25.02.2023 · № 3
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 41-27 "Аламүдүн айыл аймагынын 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2018-жылга карата планын жана 2019-2021-жылдарга…Постановление · 19.12.2017 · № 41-27
- Кара-Суу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 28
- Кыз-Көл айылдык кеңешинин 2024-жылынын 9-февралындагы №6 “Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун…Постановление · 09.02.2024 · № 6
- Өмүралиев айыл кеңешинин 2021-жылдын 9-февралындагы № 183 "Өмүралиев айыл кенеши Өмүралиев айыл өкмөтүнүн 2021 - жылга бюджетин бекитүү жана 2022-2023- жылдарга божомолу жөнүндө…Постановление · 09.02.2021 · № 183
- Айдаралиев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 26-январындагы № 02 "Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.01.2022 · № 02
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-февралындагы № 1/2 "Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу долбоору…Постановление · 09.02.2021 · № 1/2
- Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2021 · № 4
- Кызыл Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрындагы № 4-1 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорлорун бекитүү…Постановление · 15.12.2017 · № 4-1
- Кара-Алма айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 8-январындагы № 1 "Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда киреше чыгашаларынын аткарылышы жана 2018-жылга жергиликтүү…Постановление · 08.01.2018 · № 1
- Өмүралиев айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 36 "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана…Постановление · 20.09.2017 · № 36
- Нуржанов айыл кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 10 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7 августундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 28.09.2017 · № 10
33 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 22.12.2016 · № 215
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 "Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз…Постановление · 29.08.2022 · № 474
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 28.06.2013 · № 384 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Көк-Арт айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 23-январындагы №2 "Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга…Постановление · 23.01.2019 · № 2
- Нуржанов айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 2 “А. Нуржанов айыл аймагынын 2018-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 18.01.2018 · № 1
- Орловка шаарынын Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 99/16-27 "Мэрия кызматкерлеринин 2019-жылга штаттык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2019 · № 99/16-27
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-августундагы № 21/1 "Эмгек акы боюнча коэффициенттерди жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 21/1
- Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 45/ VIII –27 "Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык тизимин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.09.2017 · № 45/ VIII –27
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон