Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Суу айылдык кеңешинин “Акча каражаттар жөнүндө” токтому
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын 11- кезексиз сессиясы 2017-жылдын 29-сентябры № 28 “Акча каражаттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” № 466 сандуу токтомун жетекчиликке алып Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын жана эмгек акыларын 1-сентябрь 2017-жылдан №466 сандуу токтомуна ылайык бекитилген бюджетке кошулуп бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү №466 сандуу токтомунун негизинде бекитилген бюджетке көбөйгөн айлыктын айырмасы Республикалык бюджеттен суралсын;
3. Кара-Суу айыл өкмөтү делегированных мамлекеттик полномочьялык штаттык бирдиктин (экономикалык статистик) Кыргыз Республикалык мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акыларын көбөйгөнү 2017-жылдын 7-августундагы №466 сандуу токтомунун негизинде 1-сентябрь 2017-жылдан баштап Республикалык бюджеттен түшкөн өз ара эсептешүү каражатынын калган акча каражаттарына кошулуп бекитилсин;
4. Бекитилген штаттык саны жана эмгек акыларын эсептеп такташып сметага киргизүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Жунушалиевага жүктөлсүн.
Төрага
Эсенкул уулу Памир
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Күчүн жоготкон