Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-03-01.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2013-жылдын 28-июну № 384 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429, 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540, 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579, 2014-жылдын 22-октябры № 609, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 7-июлу № 458, 2015-жылдын 2-ноябры № 759, 2016-жылдын 1-февралындагы № 46, 2016-жылдын 31-мартындагы № 166, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 , 2016-жылдын 12-июлундагы № 387, 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн системасын өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуучу минимум базалык ставка 5000 сом өлчөмдө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселик коэффициенттер, 1-4-тиркемелерге ылайык;
- мамлекеттик кызматчылардын класстык жана атайын чендери үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломаттык ранг үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, 6-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы отпускага чыгаарда ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акысынын өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт;
- бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашап иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча төлөнөт;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга иштин жашырын мүнөзү үчүн кызматтык маянасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык кошумча төлөнөт.
31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын ишинин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, чыгармачылык жана кесипкөй демилгеси үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.
Аталган дем берүүчү төлөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябры № 609 токтомунун редакциясына ылайык) З2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча):
- бул токтомду колдонуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;
- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540, 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 (КПҮ) токтому ушул токтомдо эмгек акысын төлөөнүн шарттары каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга карата колдонулбайт.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана:
- 2013-жылдын 1-августунан баштап 9-тиркеменин 1-тизмесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына карата колдонулат;
- 2013-жылдын 1-октябрынан баштап 10-тиркеменин 2-тизмесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн колдонулат.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер, финансы жана кредит саясаты бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 1-тиркеме
Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 46 токтомунун редакциясына ылайык)
N
Кызмат орундун аталышы
Эселүү коэффициент
1
Министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы
4,8
2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, администрациялык ведомствонун директору (төрагасы), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары
4,4
3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары
3,9
4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким, администрациялык ведомствонун директорунун (төрагасынын) орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары
3,7
5
Акимдин биринчи орун басары
3,5
6
Министрликтеги, мамлекеттик комитеттеги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстводогу бөлүнүштүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын алдындагы аткаруучу кеңештин мүчөсү, милдетти туруктуу негизде аткаруучу, акимдин орун басары
3,4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 2-тиркеме
Айрым мамлекеттик органдардагы саясий кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматчылардын кызматтык маяналарына ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР
| № | Кызмат орундун аталышы | Эселик коэффициент |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы | 4,8 |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары | 4,4 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын директорунун орун басары | 3,7 |
Приложение 2 1
КОЭФФИЦИЕНТЫ КРАТНОСТИ к должностному окладу государственных служащих, занимающих специальные государственные должности
№
Наименование должности
Коэффициент кратности
1
Директор Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики
4,2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 3-тиркеме
Саясий муниципалдык кызмат орундарды ээлеген муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына ЭСЕЛИК КОЭФФИЦИЕНТТЕР
| № | Кызмат орундун аталышы | Эселик коэффициент |
|---|---|---|
| 1 | Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык кеңешинин төрагасы | 4,4 |
| 2 | Облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, облустук маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардык кеңештин төрагасынын орун басары | 3,7 |
| 3 | Райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, райондук маанидеги шаардын мэри | 2,9 |
| 4 | Айыл өкмөттүн башчысы | 2,4 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын администрациялык кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын аныктоодо колдонулуучу КОЭФФИЦИЕНТТЕРДИН ТАРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 токтомунун редакциясына ылайык)
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер
Администрациялык ведомстволор, Улуттук гвардия, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти
Мамлекеттик органдардын ведомствого караштуу мекемелери, Жогорку соттун алдындагы окуу борбору
Мамлекеттик органдардын регион аралык, облустук жана шаардык (Бишкек жана Ош ш.) структуралары, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Бишкек ш. мэриясынын райондук администрациялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек жана Ош ш. шаардык кызматтары
Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаарлардын) структуралары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек ш. райондук администрацияларынын райондук структуралары
Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын классификациясы/деңгээли
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
Жогорку "А"
Х
Х
Х
Х
Х
4,20
4,41
4,63
4,86
5,11
5,36
5,63
5,91
6,21
6,52
6,84
Жогорку "Б"
Х
Х
Х
3,31
3,48
3,65
3,83
4,03
4,23
4,44
4,66
4,89
5,14
5,40
5,67
5,95
Башкы "А"
Х
2,61
2,74
2,88
3,02
3,18
3,33
3,50
3,68
3,86
4,05
4,26
4,47
4,69
4,93
5,17
Башкы "Б"
2,07
2,18
2,29
2,40
2,52
2,65
2,78
2,92
3,06
3,22
3,38
3,55
3,72
3,91
4,11
4,31
Улук "А"
1,73
1,81
1,91
2,00
2,10
2,21
2,32
2,43
2,55
2,68
2,81
2,96
3,10
3,26
3,42
3,59
Улук "Б"
1,44
1,51
1,59
1,67
1,75
1,84
1,93
2,03
2,13
2,23
2,35
2,46
2,59
2,72
2,85
2,99
Кенже "А"
1,20
1,26
1,32
1,39
1,46
1,53
1,61
1,69
1,77
1,86
1,95
2,05
2,16
2,26
2,38
2,49
Кенже "Б"
1
1,05
1,1
1,16
1,22
1,28
1,35
1,41
1,48
1,56
1,63
1,72
1,8
1,89
1,99
2,09
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 5-тиркеме
Мамлекеттик кызматчылардын класстык жана атайын чендери үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү, дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына - дипломаттык ранг үчүн КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
| № | Класстык жана атайын чен, дипломатиялык ранг | Кошумчалардын өлчөмдөрү (сом менен) |
|---|---|---|
| 1. Жогорку кызмат орун | ||
| 1 | Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1800 |
| 2 | Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи | 1700 |
| 3 | Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчи | 1600 |
| 2. Башкы кызмат орун | ||
| 4 | Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, 1-класстагы кеңешчи | 1400 |
| 5 | Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, 2-класстагы кеңешчи | 1300 |
| 6 | Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, 1-класстагы биринчи секретарь | 1200 |
| 3. Улук кызмат орун | ||
| 7 | Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору, 1-класстагы юрист, 1-класстагы экинчи секретарь | 1000 |
| 8 | Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору, 2-класстагы юрист, 2-класстагы экинчи секретарь | 900 |
| 9 | Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору, 3-класстагы юрист, үчүнчү секретарь, атташе | 800 |
| 4. Кенже кызмат орун | ||
| 10 | Мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, кенже юрист | 600 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына класстык чени үчүн КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
| № | Класстык чен | Класстык чен үчүн кошумчалардын өлчөмдөрү (сом менен) |
|---|---|---|
| 1. Башкы кызмат орун | ||
| 1 | 1-класстагы муниципалдык кеңешчи | 1400 |
| 2 | 2-класстагы муниципалдык кеңешчи | 1300 |
| 3 | 3-класстагы муниципалдык кеңешчи | 1200 |
| 2. Улук кызмат орун | ||
| 4 | Муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1000 |
| 5 | Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 900 |
| 6 | Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 800 |
| 3. Кенже кызмат орун | ||
| 7 | Муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору | 600 |
| 8 | Муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору | 500 |
| 9 | Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору | 400 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык КОШУМЧАЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
| № | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү |
|---|---|---|
| 1 | 1ден 3 жылга чейин | 5% |
| 2 | 3төн 5 жылга чейин | 10% |
| 3 | 5тен 10 жылга чейин | 15% |
| 4 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
| 5 | 15тен 20 жылга чейин | 25% |
| 6 | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
| 7 | 25 жылдан ашык | 40% |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 9-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын 1-ТИЗМЕСИ
1. Кызмат орундары Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (мэриялар, айыл өкмөттөр) жана алардын бөлүнүштөрү.
2. Өкүлдүк органдар (жергиликтүү кеңештер)(*), жергиликтүү кеңештердин аппараттары.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
(*) Жергиликтүү кеңештерде жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жана республикалык маанидеги шаардык кеңештердин төрагасынын орун басарларына эмгек акы төлөөнүн шарттары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 токтомуна 10-тиркеме
Мамлекеттик органдардын 2-ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429, 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540, 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2016-жылдын 31-мартындагы № 166, 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 , 2016-жылдын 13-июлундагы № 393, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын аппараттары.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктү кошпогондо).
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги.
10. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (Жарандык авиация агенттигин кошпогондо).
14. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14-1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети. 14-2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
18. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.
20. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
25-1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Окуу борбору.
27. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
28. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.
29. Жогорку аттестациялык комиссия.
30. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар).
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.
Эскертүү: мамлекеттик органдарда эмгек акы төлөөнүн шарттары борбордук аппараттардын, ведомствого караштуу жана аймактык түзүмдүк бөлүнүштөрдүн мамлекеттик кызматчылары үчүн аныкталган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 15 · цитата келтиргендер: 49 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (49)
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Положение · 28.06.2013 · № 384
- Жошолу айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-майындагы № 30/2 "Айыл өкмөттүн жер,муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча адис кымат ордун салык кызматына которуу жөнүндө"…Постановление · 17.05.2016 · № 30/2
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
- Таш-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-мартындагы № 02 "Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын аткарылышын, 2017-жылга…Постановление · 18.03.2017 · № 02
- Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 19/3 "Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.02.2015 · № 19/3
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 07-февралындагы № 10-27 "Аламүдүн айыл аймагынын 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2017-жылга карата планын жана 2018-2020-жылдарга…Постановление · 07.02.2017 · № 10-27
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 19-декабрындагы № 41-27 "Аламүдүн айыл аймагынын 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышын, 2018-жылга карата планын жана 2019-2021-жылдарга…Постановление · 19.12.2017 · № 41-27
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 1 "2015-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2016-жылга бюджеттин долбоору жөнүндө " токтомуПостановление · 24.02.2016 · № 1
- Сүлүктү шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 129 "Сүлүктү шаарынын 2015–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2016-жылдын бюджети жана 2017-2018–жылдарга болжолун бекитүү…Постановление · 17.02.2016 · № 129
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 2 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджеттин аткарылышы жана 2017-жылга киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун…Постановление · 16.02.2017 · № 2
- Ак-Таш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-февралындагы № 18/1 "Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2015-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдын бюджеттин…Постановление · 22.02.2016 · № 18/1
- Папан айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-мартындагы №1 "Папан айыл аймагынын 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2017- жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.03.2017 · № 1
- Курманбек айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-мартындагы №3 «Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдагы киреше жана чыгашаларынын аткарылышын жана 2017-жылга…Постановление · 23.03.2017 · № 3
- Талас шаардык Кенешинин Төрагасынын 2014-жылы20-февралы № 95/10-6 (Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин жана айлык акыларын бекитүү…Постановление · 20.02.2014 · № 95/10-6
- Жаны-Арык айылдык кеңешинин 2014-жылы 19-февралындагы №11/2 "Жаны-Арык айылдык округунун 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө ."…Постановление · 19.02.2014 · № 11/2
- Ак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-апрелиндеги № 2 "Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2013-жылга жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджеттин…Постановление · 04.04.2015 · № 2
- Мангыт айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы № 22-23 "Мангыт айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылдагы жылдык бюджетинин аткарылышынын жана 2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитγγ…Постановление · 20.02.2016 · № 22-23
- Сүлүктү Шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 10-февралындагы №9 "Сүлүктү шаарынын 2016–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджети жана 2018-2019–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.02.2017 · № 9
- Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга…Постановление · 25.02.2016 · № 22/1
- Папан айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №1 "Папан айыл аймагынын 2018- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2018 · № 1
49 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (15)
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому кызматтык пайдалануу документи болуп саналат) токтомуПостановление · 29.07.2011 · № 436
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик…Постановление · 13.07.2016 · № 393 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына…Постановление · 12.07.2016 · № 387 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2014 · № 540 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына…Постановление · 31.03.2016 · № 166 · Күчүн жоготкон
15 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ленин айылдык кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 2 "Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылга аткарылышын бекитүү жана 2016-жылга кабыл…Постановление · 12.02.2016 · № 2
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон