Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыз-Көл айылдык кеңешинин “Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө” токтому
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясынын
2024-жыл 9-февраль №6
“Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша бөлүмдөрүнүн долбоорун жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгаша булактарынын долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а М.Дооранкуловдун бирдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга 14 231,9 миң сомго,
2025-жылга 15 149,9 миң сомго жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын божомолу бекитилсин.
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а М.Дооранкуловдун билдирүүсүн эске алып 2024-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салыктын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 15 718,5 миң сомго атайын каражаттардын суммасы 1 960,0 миң сомго,теңдөө гранттын эсебинен 7 030,5 миң сомго жалпы; 24 709,0 миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 24 709,0 миң сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.КРӨкмөтүнүн 16.04.2019-жылдагы № 102-б буйругуна ылайык 2024-жылга электр энергиясынын 465,6 квт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Теңдөө грантынын көлөмүнүн 2024-жылга 7 030,5миң сомго № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
5. 2024-жылга билим берүү бөлүмүнө тамак аш алууга № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептерге жана бала бакчаларга көмүр отун алып берүү № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Транспорттук чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы үчүн бир айга 300 литр бензин № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 33 штат бирдиги кармалсын,айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервтик фонду 426,9 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
10.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпозитикалык абалды өз деңдээлинде кармоо үчүн вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгө жана ит мышыктарды атууга 150,0 сом акча каражаты каралсын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде жергиликтүү кеңештн төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын № 26 токтомунун негизинде кармалсын.Эмгек акысына 623,7 соц фонд чегерүү 107,6 № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13.Айылдык кеңештин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 токтомунун негизинде № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14.”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1960,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоолусу бекитилсин.
15. ”Жетиген”,Айкөл бир”,”Күн балдары” балдар бакчаларында тарбияланып жаткан ар бир балага 100 (жүз) срмдон акча каражаты кошулгандыгына жана балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебинен 1960,0 сом акча каражаты кошумча бекитилсин.
16.Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акылары жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага сылык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
17.2024-жылдын чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн бюджеттик чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
18.2024-жылга статистерге айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгашасына тактоо киргизилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулар комитетинин чыгашасына 340,0 миң сомго 2024-жылга жалпы кирешеси 418,758 миң сомго бекитилсин.Жайыт жерлердин ижарасы,соц фондко чегерүүлөрдүн акысы ар бир айга бөлүнүп жайыт пайдалануучулар өздөрү төгүү жагы белгиленсин жана № 11 тиркеме менен бекитилсин.
20.Айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен сессияга сунушталсын.
21.2024-жылдын пландык көрсөткүчтөрүнөн ашыкча жыйналган жана МСА эл порталынан үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин № 115-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутуна ылайык айылдык кеңешинин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
22.Бекитилген чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы фиансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
23.Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
24. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага:
К.Кушбаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Күчүн жоготкон