Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 30.05.2025 №301 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жайыт жерлерин пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салуу максатында, айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформага ылайык, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мызамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобо
1-тиркемеге ылайык;
2) Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Жайыт билетинин типтүү формасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Айыл аймагынын же шаардын мамлекеттик жайыттарын башкаруу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө типтүү жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
19-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 41-пунктта “жамааттын” деген сөз алып салынсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жободо:
– 3, 5-пункттарда “Өкмөтүнө”, “Өкмөтүнүн” деген сөздөр тиешелүү түрдө “Министрлер Кабинетине”, “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 11-пунктта “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине” деген сөздөр “айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 12-пунктта “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде” деген сөздөр “айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча облустук жумушчу топтор жана жергиликтүү (райондук) комиссиялар жөнүндө жободо:
– 3-пунктта “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пунктта:
төртүнчү абзацта “айыл округдарынын” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча жергиликтүү (райондук) комиссия өз ишинде “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан сунуштарды жетекчиликке алат.”;
– 8-пунктта:
экинчи абзацта “бекитүүсүнө” деген сөз “кароосуна” деген сөзгө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта “айыл округунун” деген сөздөр “айыл аймагынын же шаарлардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1 тиркемее Типтуу жобо.pdf
2 тиркеме Типтүү жобо Жыйым.pdf
3 тиркеме Жайыт билети.pdf
4 тиркеме.pdf
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 2225-VII “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык…Постановление · 20.06.2024 · № 2225-VII
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 "Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз…Постановление · 01.11.2024 · № 662 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 07.06.2016 · № 307 · Күчүн жоготкон