Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Нотариалдык иш маселелери жөнүндө
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын Мыйзамынын 116-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускама
1-тиркемеге ылайык;
2) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайларынын начальниктери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө нускама 2-тиркемеге ылайык;
3) Ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жана социалдык коргоо мекемелеринде керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 3-тиркемеге ылайык;
4) Аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик окуу жайларынын командирлери (башчылары) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускама 4-тиркемеге ылайык;
5) Нотариалдык иш-аракеттерди электрондук түрдө жасоо жана электрондук документтерди пайдалануу тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) Нотариалдык иш-аракеттерди аралыктан жасоонун тартиби 6-тиркемеге ылайык;
7) Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун 6-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Нотариат — кыргызча (1).rar
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.06.2017 · № 398
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.08.2016
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 01.12.2020 · № 586
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна…Постановление · 30.03.2015 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 290 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө"…Постановление · 20.06.2018 · № 290
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 «Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү…Постановление · 18.04.2014 · № 222
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон