Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 1-декабры № 586 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Конституциясына," деген сөздөрдөн кийин "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине," деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пунктунда:
экинчи абзацы "иш-аракеттерди каттоо үчүн реестрде" деген сөздөрдөн мурда "кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 5-пунктуна ылайык нотариустун имаратынан тышкары жайда жасалган нотариалдык аракеттер үчүн мамлекеттик алым эки эсе өлчөмдө алынат, ошондой эле бул аракеттерди жасоо үчүн жерине барууга байланышкан иш жүзүндөгү чыгымдар төлөнүп берилет.";
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Нотариалдык иш-аракеттер бардык зарыл документтер көрсөтүлгөндөн жана мамлекеттик алым төлөнгөндөн кийин жасалат. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансы-кредиттик мекемелерге, же болбосо төлөөчүнүн банктык эсебинен которуу жолу менен же төлөм терминалдары аркылуу төлөнөт. Мамлекеттик нотариуска кайрылган учурда мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга жана юридикалык мааниге ээ документтер берилгенге чейин төлөнөт. Нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн жеке нотариуска кайрылган учурда мамлекеттик алым төлөөчүнүн өкүлү катары жеке нотариустун өзү тарабынан да төлөнүшү мүмкүн. Жеке нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалган жана юридикалык мааниге ээ документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт. Мамлекеттик алым төлөм терминалдары аркылуу төлөнгөн же банктык эсептен которулган учурда нотариустар төлөм чегинин же квитанциянын (которуунун) көчүрмөсүн кошумча чыгарышат жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга тиркешет. Мамлекеттик жана жеке нотариустар салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген тартипте алынуучу мамлекеттик алымдар боюнча отчет түзүшөт жана администраторлорго беришет.";
- 16-пунктунун биринчи абзацындагы "141-беренеси" деген сөздөр "144-беренеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Берилген документтер боюнча ким экендигин аныктагандан кийин нотариус ким экендигин верификациялоо жүргүзөт, анын ичинен "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Электрондук нотариат" маалыматтык системасын (мындан ары - "Электрондук нотариат" МС) пайдалануу менен жүргүзөт.";
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгү "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтарын, анын ичинде юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын электрондук маалыматтар базасын пайдалануу менен документтерди көрүү жана/же "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдардан маалыматтарды алуу жолу менен текшерилет.";
- 24-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулганда күбөлөндүрүү жазууларында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин беренесине шилтеме жасоо керек, мисалы: мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүдө "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 141-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган" деп көрсөтүлөт.";
- 27-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эгерде документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе же жарандын же башка укук субъектинин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыса, аларды нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кабыл алышпайт. Ошондой эле эгерде "Электрондук нотариат" МС көрсөтүлгөн паспорттун жараксыздыгы жөнүндө маалыматты берсе, нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартышат.";
- 28-пунктунда:
биринчи абзацындагы "нотариалдык иш-аракеттерди каттоо тизмесинде" деген сөздөр "Электрондук нотариат" МС электрондук реестринде, андан кийин кагаз жүзүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Нотариалдык иш-аракеттерди жазуу үчүн реестрдин 1-графасында жылдын башынан тартып нотариалдык иш-аракеттердин катар номери көрсөтүлөт, ал электрондук реестрдеги номерге окшош болууга тийиш. Нотариалдык иш-аракет нотариалдык иш-аракеттердин бирдиктүү электрондук реестринде катталган номер нотариус тарабынан берилүүчү документтерде жана документтердеги күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт."; он төртүнчү абзацындагы "мыйзамга шилтеме" деген сөздөр "кодекске шилтеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-пункту "кыймылсыз мүлк/транспорт каражаттарына болгон укукту каттоочу органдардан текшерет" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинен "Түндүк" ЭВӨС аркылуу ыйгарым укуктуу органдын автотранспорт каражаттарынын электрондук базасынан Кыймылсыз мүлккө, автотранспорт каражаттарына укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен суроо-талап аркылуу текшерет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-пунктунун биринчи абзацы "мүлккө камак салуу жоктугун текшерет" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинен "Түндүк" ЭВӨС аркылуу Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу жолу менен текшерет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 88-пунктунун биринчи абзацындагы "(86-берененин 4-пункту)" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:
- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Ошондой эле консул эгерде "Электрондук нотариат" маалыматтык системасы (мындан ары - "Электрондук нотариат" МС) көрсөтүлгөн паспорттун жараксыздыгы жөнүндө маалымат берсе нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруудан баш тартат.";
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "нотариалдык иш-аракеттер реестринде" деген сөздөр "кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн реестрде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Нотариалдык иш-аракеттер аны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык документтер берилген, консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар төлөнгөн күнү жүзөгө ашырылат. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар банктарга (филиалдарга) жана башка финансы-кредиттик мекемелерге, же болбосо төлөөчүнүн банктык эсебинен которуу жолу менен же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин аймагында орнотулган төлөм терминалдары аркылуу төлөнөт. Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар төлөм терминалдары аркылуу төлөнгөн же банктык эсептен которулган учурда консул төлөм чегинин же квитанциясынын (которуунун) көчүрмөсүн кошумча чыгарат жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга тиркейт.";
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Берилген документтер боюнча ким экендигин аныктагандан кийин консул ким экендигин верификациялоо жүргүзөт, анын ичинен "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу "Электрондук нотариат" МСны пайдалануу менен жүргүзөт.";
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын укук жөндөмдүүлүгү "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтарын, анын ичинде юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ЖМКлардын электрондук маалыматтар базасын пайдалануу менен документтерди көрүү жана/же "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик органдардан маалымат алуу жолу менен текшерилет.";
- 25-пунктунда:
биринчи абзацындагы "реестрде" деген сөз "Электрондук нотариат" МС электрондук реестринде, андан кийин кагаз жүзүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ар бир календарлык жылдын башынан тартып реестрдеги номерлөө биринчи катар номерден тартып жүргүзүлөт, ал электрондук реестрдеги номерге окшош болууга тийиш. Нотариалдык иш-аракет нотариалдык иш-аракеттердин бирдиктүү электрондук реестринде катталган номер нотариус тарабынан берилүүчү документтерде жана документтердеги күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт.";
- 55-пунктундагы "консулдук кызмат департаменти аркылуу кайрылат." деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаменти аркылуу кайрылат, адам "Түндүк" ЭВӨС аркылуу ыйгарым укуктуу органдын автотранспорт каражаттарынын электрондук базасынан Кыймылсыз мүлккө, автотранспорт каражаттарына укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен суроо-талап аркылуу текшерет.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 15.07.2013 · № 412
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабры № 733 "Нотариалдык иш маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген) нускамаИнструкция · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 159
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө…Постановление · 15.07.2013 · № 412
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 13.12.2019 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90