Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 29-августу № 461 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускаманын:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик архив," деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "ведомстволук нотариалдык архив," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманын:
- 219-пунктунун экинчи абзацында түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архиви" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктунда "г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- ведомстволук нотариалдык архивди жүргүзөт";
- "д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- ведомстволук нотариалдык архивдин нотариалдык документтерин комплектөө, сактоо, эсебин алуу жана пайдалануу боюнча ишти мыйзамдарга ылайык жүргүзөт.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивин жайгаштыруу үчүн жай тапсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 669 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Республикалык нотариалдык архивин түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 78
- "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Инструкция · 15.07.2013 · № 412
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабры № 733 "Нотариалдык иш маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764…Положение · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген) нускамаИнструкция · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2003 года № 669 "О создании Республиканского нотариального архива Министерства юстиции Кыргызской Республики"Постановление · 20.10.2003 · № 669 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө…Постановление · 15.07.2013 · № 412
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 764 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2003 года № 669 "О создании Республиканского нотариального архива Министерства юстиции Кыргызской Республики"Постановление · 20.10.2003 · № 669 · Күчүн жоготкон
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон