Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ѳкмѳтүнүн 2016-вылдын 19-декабрындагы № 688 ««Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы №675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТҮ ТОКТОМ 2016-вылдын 19-декабры № 688 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн корутундусу тууралуу «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Г. Тиллаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жиберилсин.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 19-декабры № 688 токтому менен жактырылган
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Г. Тиллаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, тѳмѳнкүдѳй корутундуга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары женүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иштѳѳ чѳйресүнѳ тийиштүү мыйзамдардын ченемдери бул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда бул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
«Кыргыз Республикасыңца инвестициялар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык инвестордун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн, юридикалык жана жеке жактардын ортосунда түзүлүүчү, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тартибин аныктоочу келишим инвестициялык макулдашуу деп аталат. Ушуну менен жогоруда аталган Мыйзамда каралып жаткан маселелерге кѳбүрѳѳк шайкеш келген «инвестор», «инвестициялык иш-аракет», «инвестициялануучу ишкана» түшүнүктѳрүнѳ аныктама берет, муну менен бирге инвесторду жана инвестицияланган ишкананы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууну кошпогондо, кандайдыр бир кошумча шарттар менен чектебейт. «Кыргыз Республикасында инвестициялар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кол коюлган турукташтыруу жѳнүндѳ макулдашуунун негизинде инвестордо жана инвестицияланган ишканада кошумча наркка болгон салыкты кошуп ал ганда, бирок башка кыйыр салыктарды, салыктык эмес тѳлѳмдѳрдү албаганда, салыктарды тѳлѳѳ боюнча (мамлекеттик оргавдар тарабынан кѳрсѳтүлүүчү кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ тѳлѳмдердү кошуп албаганда) ѳздѳрүнѳ кыйла жагымдуу шарттарды тандап алуу укугу пайда болот. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесине ылайык, кошумча наркка салыкты кошо алганда, салыктарды тѳлѳѳ боюнча шарттарга карата турукташтыруу режимин колдонууга байланыштуу укук мамилелери Кыргаз Республикасынын инвестициялар жѳнүндѳ мыйзамдары менен жѳнгѳ салынат. Кыргыз Республикасынын инвестициялар жѳнүндѳ мыйзамдары менен белгиленген турукташтыруу режими башка кыйыр салыктарды тѳлеѳгѳ карата колдонулбайт, ошондуктан Салык кодексиндеги бул ченемдерди кайталоо максатка ылайык келбейт жана ашыкча деп эсептейбиз.
2. Салыктык преференциялар бѳлүгүндѳ: пайдага салыктын нѳлдүк ставкасы жана жергаликтүү салыктардан бошотуу (мүлккѳ салык жана жер салыгы).
Белгилей кетчү нерсе, салык тѳлѳѳчүлѳрдүн айрым категорияларына берилүүчү ар кайсы салыктык жеңилдиктер же бошотуулар салык салуунун негизги принциптеринин бири - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана акыйкаттуулук жана тенчилик принциптери боюнча айрым субъекттердин ортосундагы салыктык оорчулуктарды бирдей бѳлүштүрүү механизмин түзүүнү болжолдогон акыйкаттуулук принцибинин бузулушуна алып келет. Салык кодексинин 10-беренесинин ченемдери боюнча жеке мүнѳздѳгү салыктык жеңилдиктерди берүүгѳ тыюу салынат; Мында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштин багытын ѳзгѳрткѳн ишканалар бѳлүгүндѳгү салыктарды жоготуу коркунучу бар, ошону менен бирге МыЙзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында киргизилген ѳзгѳртүүлѳр мурда иштеп жүргѳн багытын ѳзгѳрткѳн ишканаларга карата салыктык түшүүлердү жоготууга алып келбейт деп кѳрсѳтүлгѳн. Бирок ушул ишканаларга салыктык жеңилдиктерди берүү мамлекеттик бюджеттин киреше бѳлүгүнѳ, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин кирешелерине таасирин тийгизет.
3. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фонду тарабынан кол коюлган, 2015-2017-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумга ылайык, Кыргыз Республикасы туруктуу ѳсүшүн колдоого жѳндѳмдүү жеке сектордун ишкер климатын жакшыртуу жана атааңдаштыкка жѳндѳмдүүлүгүн ѳнүктүрүү үчүн тузүмдүк реформаларды ишке ашыруу максатында салыктык саясат чѳйрѳсүндѳ салыктык бошотууларды жокко чыгаруу жана айрым сектсрлор жана иштин түрлѳрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизбѳѳ чараларын кѳрүү боюнча милдетти ѳзүнѳ алат.
Ушундай эле чаралар Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясында да каралган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу ѳнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболорунда аныкталгандай, салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктѳрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын ѳзүнчѳ багыты болуп калат. Ар кандай салыктык преференцияларды берүү Кыргыз Республикасыньн Ѳкмѳтү жарыялаган түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана Эл аралык валюталык фонддун кредиттик транштарынын чектелишине алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктѳрү чектелген шартта чыгашаларды ѳз убагында жана толук каржылоо, бюджеттин киреше белүгүн толуктоо үчүн бюджетти турукташтыруу максатында фискалдык саясат мыйзамдык базанын туруктуулугуна жана баланстуулугуна жетишүүгѳ багытталышы керек. Мамлекеттик колдоо маселелерин кошумча артыкчылыктарды берүү менен гана эмес, мамлекетгик колдоонун башка механизмдери аркылуу да карап чыгуу керек. Кыргыз Республикасындагы салыктык оорчулук кошуна ѳлкѳлергѳ гана эмес, дүйнѳнүн кѳпчүлүк ѳлкелѳрүнѳ да салыштырганда кыйла тѳмѳн. Муну менен бирге, колдонуудагы салык мыйзамдары тарабынан бир катар салыктык жеңилдиктер жана артыкчылыктар каралган, алардын ичине инвестициялык жагымдуулук маселелери да кирет. «Кыргыз Республикасыньн Салык кодексине толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүнде» Кыргыз Республикасыньн 2015-жылдын 31 -июлундагы № 208 Мыйзамына ылайык:
- ѳз ѳндүрүшүнүн товарларын ѳндүрүү жана сатуудан, анын ичинде жалаң жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасыньн аймагында товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды ѳндүрүүдѳн жана сатуудан алынган ата мекендик уюмдун эсептелген пайдасына 0 пайыз ѳлчѳмүндѳгү ставка боюнча салык салынат (Салык кодексинин 2212-беренеси);
- Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет елкѳлүк уюмдун дивиденддери Салык кодексинин 2212-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салынуучу салыктан пайданын бир бѳлүгү түрүндѳ алынган 0 пайыз ставкасы боюнча тѳлѳм булагына салык салынууга тийиш (Салык кодексинин 223-беренеси).
Ошондой эле, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештер ѳндүрүш кѳлѳмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция чыгаруу жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүучү жаңыдан түзүлгѳн уюмдар 5 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ мүлк салыгын тѳлеѳдѳн бошотулууга укуктуу. «Ишкердик ишти жѳнгѳ салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу женүнде» Кыргыз Республикасыньн Мыйзамына ылайык ишкердик ишти женгѳ салуу ишкерлердин укуктарын, милдеттерин жана алардын иштерине карата талаптарды, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жѳнгѳ салууну карайт. Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоору ишкердик ишти жѳнгѳ салууга багытталгандыктан, жѳнгѳ салуучу таасири талдоого алынууга тийиш. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргаз Республикасынын Ѳкмѳтү жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укутук базасын оптималдаштыруу жөнүндөЗакон · 05.04.2008 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 "2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын жана 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык…Постановление · 07.07.2015 · № 455 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 208 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 467 "«Бишкек шаарында 2016-жылдын 19-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы «Билим берүү…Постановление · 30.08.2016 · № 467
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон