Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-05.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 17-майы № 262 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу, ишенимдүү иштешин жана акча агымдарын бөлүштүрүүнүн ачыктыгын камсыздоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 "Электр жана жылуулук энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана текст боюнча "жана жылуулук" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктундагы "Эсептешүү-сактоо компаниясы" деген сөздөр "РСК Банк" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "Эсептешүү-сактоо компаниясы" деген сөздөр "РСК Банк" ачык акционердик коому" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Дүң рыноктун катышуучулары менен электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дүң рыноктун катышуучуларынын электр жана жылуулук энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы жана текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жана жылуулук" деген сөздөр алып салынсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 токтому менен бекитилген" деген сөздөр жана цифралар "1-тиркеме" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын; 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык атайын укуктуу банк акчаны транзиттик эсептен электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебине күнүнө эки жолу которот:"; 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Тиркеме
"2-тиркеме Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип электр энергиясын (мындан ары - электр энергиясы) ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын (мындан ары - энергетика компаниялары) ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн механизмин аныктайт.
2. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка акча каражаттарынын келип түшүүсүнө күн сайын мониторинг жүргүзөт.
3. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын:
1) бекитилген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:
- электр энергиясын бөлүштүргөн компаниянын (мындан ары - БЭК) тармагына электр энергиясынын келишинин пландалган көлөмүн;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ТЭС) товардык өнүмүн - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн электр энергиясын сатып алуу тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна БЭК тарабынан которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" (мындан ары - ТКУЭТ) ачык акционердик коомунун товардык өнүмүн - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн электр энергиясын берүүнүн тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна БЭК тарабынан которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- БЭКтин товардык өнүмүн (мындан ары - ТБЭК) - электр энергиясынын келип түшүүчү пландык көлөмүн керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тийиштүү тарифине көбөйтүү жолу менен, жеткирилген электр энергиясы үчүн керектөөчүлөр тарабынан БЭКтерге которулууга тийиш болгон акча каражаттарын;
- өткөн айдын 1-күнүнө карата БЭК үчүн дебитордук/кредиттик карыздарынын өлчөмүн аныктайт;
2) өткөн ай үчүн электр энергиясынын көлөмү жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун үлүшүнө иш жүзүндө келип түшкөн акчалай каражаттарын белгилейт;
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ЧЭС) жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ЧКУЭТ) үлүшүнө товар продукциясы менен акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүнүн ортосунда четтөөнүн өлчөмүн аныктайт;
3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарынын үлүштүк бөлүнүшүн аныктайт:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун үлүшү (мындан ары - ҮЭС) ҮЭС = ТЭС +/- ЧЭС формуласы боюнча эсептелет;
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун үлүшү (мындан ары - ҮКУЭТ) ҮКУЭТ = ТКУЭТ +/- ЧКУЭТ формуласы боюнча эсептелет;
- БЭКтин үлүшү (ҮБЭК) ҮБЭК = ТБЭК - ҮЭС - ҮКУЭТ формуласы боюнча эсептелет.
Энергетика компаниялардын транзиттик эсебине акча каражаттарын күн сайын бөлүштүрүү ар бир компаниянын ТБЭК бир айлык планына карата пайыздык катышта эсептелген үлүшүнүн негизинде аныкталат.
4. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрукту ай сайын чыгарат жана 10-күнгө чейин акча каражаттарын транзиттик эсептен жогоруда аталган компаниялардын эсебине күн сайын которуу үчүн атайын укуктуу банкка жөнөтөт.
5. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрук төмөндөгү маалымат булактарынын негизинде чыгарылат:
- энергетика компаниялардын бекитилген техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү;
- энергетика компанияларынын ар айлык отчеттук маалыматтары жана "Кыргыз энергетика эсеп борбору" ачык акционердик коомунун (мындан ары - КЭЭБ) маалыматтары;
- атайын укуктуу банктын акча каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалыматтары.
6. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр чагылдырылат:
- энергетика компанияларынын ортосунда акча каражаттарын бөлүштүрүүнүн пайызы;
- БЭК үчүн акча каражаттарын жыйноонун пландык көрсөткүчтөрү;
- ар бир энергетика компаниясы үчүн акча каражаттарынын үлүшү.
7. Акча каражаттарын үлүштүк бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү КЭЭБ жана энергетика компанияларына да жөнөтүлөт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 21 · цитата келтиргендер: 25 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (25)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 20.02.2012
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 29.01.2016
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- (КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 24-августундагы № 352 буйругу менен бекитилген тиркеме) "Пайдалуу кендердин запастарын…Правила · 24.08.2017 · № 352
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 451 ""Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 451
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 29.01.2016 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 "Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кароо жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитγγ…Постановление · 30.05.2013 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө"…Постановление · 08.10.2014 · № 584 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.01.2013 · № 12 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401…Положение · 15.07.2016 · № 401 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы…Постановление · 16.05.2017 · № 287 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.08.2017 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы №392 токтомуПостановление · 22.07.2020 · № 392
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 61
25 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (21)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 "Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кароо жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитγγ…Постановление · 30.05.2013 · № 301 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 "Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2002 · № 335 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 29.01.2016 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө"…Постановление · 08.10.2014 · № 584 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.01.2013 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 439-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана…Постановление · 31.05.2013 · № 308 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2016 · № 262 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2016 · № 184 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 17 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Дүң рыноктун катышуучуларынын электр энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 токтому менен бекитилген)Положение · 25.05.2002 · № 335 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2016 · № 653 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 22.07.2020 · № 392 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери…Постановление · 29.01.2018 · № 61 · Күчүн жоготкон