Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дүң рыноктун катышуучуларынын электр энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 февраля 2025 года № 61 "О порядке расчетов на оптовом рынке электрической энергии"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-02-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы N 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
Дүң рыноктун катышуучуларынын электр энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54, 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Электр энергияларынын керектөөчүлөрү (жеке адамдар жана юридикалык жактар) бөлүштүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн келишимге ылайык энергиянын акысын акчаны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке гана которуу менен төлөөгө милдетүү.
2. Керектөөчүлөр энергия үчүн акыны башка эсептерге, анын ичинде энергия берүүчүнүн эсебине которушкан учурда, алуучулар аны алгандан кийин үч күндүн ичинде ал акыны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн каражаттар атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которулбаган учурда алуучуга башка каражаттарды пайдалангандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк салынат. Үстөктүн салынышы акчаны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которуудан бошотпойт.
3. Электр энергияларынын керектөөчүлөрүнүн ашны бөлүштүрүүчү компаниялардын кассаларына акчалай төлөшүнө тыюу салынат. Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергияларын керектөөчүлөрдөн түшкөн каражаттарды инкассациялашкан учурда ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык иштөөгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык атайын укуктуу банк акчаны транзиттик эсептен электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебине күнүнө эки жолу которот:
- саат 10 го чейин - операциялык күндүн башталышына карата калган акча;
- саат 15 ке чейин - операциялык күндүн ичинде түшкөн акчалай каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54, 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын укуктуу банк керектөөчүлөр жана энергиянын дүң рыногунун катышуучулары менен электр энергиялары үчүн транзиттик эсеп аркылуу жүргүзүүчү эсептешүүлөрдүн тууралыгын текшерүү боюнча тышкы аудиторду аныктайт.
Тышкы аудит жылына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралы № 61 "Электр энергиясынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2025 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2016 · № 262 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 401 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2003 года № 531 "Об утверждении Плана мероприятий по стабилизации экономической деятельности электроэнергетической отрасли и…Постановление · 19.08.2003 · № 531 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы N 335 "Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2002 · № 335 · Күчүн жоготкон