Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, „бирдиктүү терезе“ принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 июня 2025 года № 349 "Об утверждении Положения о порядке выдачи электронных разрешительных и иных документов для осуществления внешнеэкономической деятельности по принципу "единого окна"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2019-жылдын 26-декабры № 708 Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык) Товарлардын экспортуна жана (же) импортуна лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин 8-пунктун көңүлгө алуу менен (Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун тиркемеси, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 7 тиркемеси), Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркемеге ылайык Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын экспортуна/импортуна/транзитине электрондук уруксат берүүчү документти (лицензияны/корутундуну/уруксатты) берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен аныкталган мамлекеттик органдар, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган товарлардын бирдиктүү тизмесине киргизилген өзгөчө товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча эксперт уюмдар жана лицензиарлар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө протоколду, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 "Тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө", 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечимдерин жана ушул токтомду жетекчиликке алышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы 2019-жылдын 31-декабрына чейин ушул токтомго ылайык "бирдиктүү терезе" маалымат системасын модернизациялоону камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган…Положение · 26.12.2019 · № 708
- “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын…Инструкция · 17.11.2021 · № 35-1/3482
- КР Министрлер Кабинетинин 18.06.2025-жылдагы КМ №349 токтомуПостановление · 18.06.2025 · № КМ №349
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №390 "«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана…Постановление · 11.06.2012 · № 390
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 349 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн электрондук уруксат…Постановление · 18.06.2025 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксат…Постановление · 25.10.2023 · № 573
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон