Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелери белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, преамбуладагы жана 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Атайын эсеби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Агенттик» жана «директор» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Комитет» жана «төрага» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 7-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- жер казыналарын пайдалануучулар тарабынан жер казыналарынын сарамжалдуу пайдаланылышын жана корголушун контролдойт;».
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 токтомунун 2-пункту; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 437 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 115 «Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 18-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 «Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (14)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 29.01.2016 · № 40 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 136 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө"…Постановление · 08.10.2014 · № 584 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.01.2013 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 "Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кароо жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитγγ…Постановление · 30.05.2013 · № 301 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 439-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүүгө карата айрым чечимдерине толуктоолорду жана…Постановление · 31.05.2013 · № 308 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана…Постановление · 04.08.2014 · № 437 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2016 · № 184 · Күчүн жоготкон