Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 609 "Об установлении минимальных розничных цен на табачную и никотиносодержащую продукцию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-04.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-декабры № 668 Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил
20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар
2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин
50 сом
2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин
60 сом
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин
70 сом
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин
80 сом
2022-жылдын 1-январынан тартып
90 сом
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сигареттерге белгиленген минималдык чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 110 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз…Постановление · 17.02.2017 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 393 "2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө"…Постановление · 23.08.2018 · № 393 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 609 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 763
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз…Постановление · 21.11.2017 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 609 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.