КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы №668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тамекини керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 «Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил
20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар
2018-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин
50 сом
2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин
60 сом
2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин
70 сом
2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин
80 сом
2022-жылдын 1-январынан
90 сом
-төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте зарылчылык пайда болгондо чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин."
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
Премьер-министр C.Дж.Исаков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2016 · № 668 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон