Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 20 декабря 2024 года № 774 "Об установлении минимальных оптово-розничных цен на табачные и никотиносодержащие изделия"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 609 Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартуу, калктын саламаттыгын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө минималдуу чекене баалар белгиленсин:
1) ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттер жана чыпкасыз сигареттер төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил
20 (жыйырма) даана тамеки үчүн
2023-жылдын 1-январынан тартып
100 сом
2) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган цилиндр формасындагы ысытуучу тамекиси бар заттар (ысытуучу тамеки таякчасы (стик), тамекиси бар ысытуучу капсула) төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил
20 (жыйырма) даана ысытуучу тамекиси бар заттар үчүн
2023-жылдын 1-январынан тартып
100 сом
3) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил
Бирдик үчүн
2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
250 сом
2024-жылдын 1-январынан тартып
300 сом
4) ТЭИ ТН 8543 40 000 0 коду менен классификацияланган электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (никотин жеткирүүнүн электрондук системасы), төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
Мезгил
Бирдик үчүн
2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда
1300 сом
2024-жылдын 1-январынан тартып
1400 сом
2. Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга белгиленген минималдуу чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 774 "Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу дүң-чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 20.12.2024 · № 774
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2016 · № 668 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз…Постановление · 21.11.2017 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 15.09.2021 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 774 "Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу дүң-чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 20.12.2024 · № 774
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2016 · № 668 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз…Постановление · 21.11.2017 · № 763 · Күчүн жоготкон