Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 „Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 609 "Об установлении минимальных розничных цен на табачную и никотиносодержащую продукцию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-04.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 21-ноябры № 763 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тамекини керектөөнү кыскартуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил
20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар
2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин
50 сом
2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин
60 сом
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин
70 сом
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин
80 сом
2022-жылдын 1-январынан тартып
90 сом
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизип турсун.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2016 · № 668 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 609 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 13.12.2016 · № 668 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609 "Тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 609 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон