Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 17-сентябры № 425 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Мал чарба комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 1 жана 2 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 124-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын 2017-жылдын 17-июлундагы № 02-05/1353 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл аймагынын № 1731 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна кирген 7,9 га кысыр аңыз жерлери мал чарба комплексин куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү; ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана алынбай калган пайданын суммасын төлөтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип…Постановление · 05.01.2016 · № 1
- Кара-Коюн айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 1 “Кара-Булуң айылынын тургуну «Алтын-Ашык» дыйкан чарбасынын жетекчиси Тентиев Адылбектин 31-июнь 2017-жылдагы жазган…Постановление · 06.07.2017 · № 1
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.