Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин «Экономикалык туруктуулукту камсыздоо, ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү, социалдык туруктуулукту сактоо жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2021-жылдын 25-февралы № 117 Экономикалык туруктуулукту камсыздоо, ишкердик ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү, социалдык туруктуулукту сактоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты ар бир айдын 5не жана 15не чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ар бир айдын 10на жана 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ар бир айдын 15не жана 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине берип турсун.
5. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
У.А.Марипов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чараларынын ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Күтүлүүчү натыйжа
Жооптуулар
Аткаруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
1. Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
1
Баткен облусунун калкы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жашоо турмуш деңгээлинин сапатын жогорулатуу
Баткен облусунун өзгөчө статусун эске алуу менен облустун өнүктүрүү Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын кабыл алуу. Биринчи кезектеги долбоорлорду камсыздоо
Өнүктүрүү Программасы жана Жол картасы бекитилди. Баткен облусуна өзгөчө статус берилди. Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын ортосундагы жана Ак-Сай - Тамдык автоунаа жолунун курулушу боюнча долбоорлор ишке ашты
АСЧАӨМ, ЭФМ, ТАККМ, ишке тартылган мамлекеттик органдар
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары
2
Бала бакчалардын ар кандай моделдери аркылуу балдарды камтууну кеңейтүү
Республиканын бардык региондорунда шаардык жана айылдык китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун аныктоо
2021-жылдын ичинде шаардык жана айылдык китепканалардын базасында 50 балдарды өнүктүрүү борбору ачылды
БИМ, ММСЖСМ, ЭФМ
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары
3
Калкты медициналык тейлөө сапатын жакшыртуу
"Жеңилдетилген электрондук рецепт" маалымат системасы киргизүү
Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Талас облустарында жеңилдетилген электрондук рецептерди киргизүү
СССӨМ
2021-жылдын 1-апрели
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары
4
ID карта алууга калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жоготкон учурлардан тышкары, төмөнкү категориядагы Кыргыз Республикасынын жарандарына акысыз негизде ID карталарды берүү боюнча 2021-жылдын 1-майынан тартып 31-августка чейин улуттук кампанияны жүргүзүү:
- үй-интернаттарда жашаган жана толук мамлекеттин камкордугунда турган 16-жаштагы балдарга;
- ата-энеси жок (тоголок жетимдер) 18-жашка чейинки жетим балдарга;
- үй-интернаттарда жашаган жана толук мамлекеттин камкордугунда турган бардык топтогу майыптарга;
- 70-жаштан өткөн пенсионерлерге анын ичинде карылар үйүндө жашаган жана толук мамлекеттин камкордугунда турган айрым картаң жарандарга;
- Улуу Ата мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына
ID карта алууда төлөмдөрдү жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынды
ЮМ, ЭФМ, СССӨМ
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
5
2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жалпы жарандык паспортторун киргизүү (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык)
2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жалпы жарандык паспортторун киргизүү (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык)
2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жалпы жарандык паспортторду берүү башталды (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык)
ЮМ, ТИМ жана ишке тартылган мамлекеттик органдар
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
6
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу тарифтерди төмөндөтүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди кайра кароо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү
Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында суроо-талапка ээ болгон консулдук кызматтардын айрым түрлөрүнүн баасы төмөндөтүлдү
ТИМ
2021-жылдын 15-марты
Республикалык бюджеттин чегинде
7
Мамкаттоо тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө калкка жагымдуу шарттарды түзүү
Чүй облусунда АвтоКТБ ачуу
Чүй облусунда АвтоКТБ иштейт
ЮМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
8
Электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү киргизүү
Электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү киргизүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери кабыл алынды
ЮМ, ИИМ, СӨМК, УБ (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
9
Калкка кызмат көрсөтүү учурунда электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерин чечүү
Калкка кызмат көрсөтүү учурунда электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди
ЮМ, ИИМ, СӨМК, УБ (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 10-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
10
Транспорт каражаттарынын, чиркегичтердин жана жабдуулардын электрондук паспорт системасын (ЭПС) ишке киргизүү
Кыргыз Республикасынын аймагында ЭПС киргизүү жана транспорт каражаттарын электрондук паспорт менен тариздөө
Кыргыз Республикасынын аймагында ЭПС колдонуу жана транспорт каражаттарын электрондук паспорт менен тариздөө
ЮМ, ЭФМ, СӨМК
2021-жылдын 30-апрели
Республикалык бюджеттин чегинде
11
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында электрондук форматта кызмат көрсөтүү жана тейлөө
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жайгаштырылган кызмат көрсөтүү жана тейлөө санын көбөйтүү
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында автоматташтырылган жана жарым автоматташтырылган 120 кызмат көрсөтүү жана тейлөө жайгаштырылган
СӨМК, ишке тартылган мамлекеттик органдар
2021-жылдын 10-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
2. Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
12
Бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү
"Бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде илгерилетүү боюнча чараларды көрүү
Инвесторлор жана бизнестин коопсуздугун камсыздоо үчүн шарттар түзүлдү. Инвесторлордун жана бизнесмендердин сотко чейинки өндүрүштүн стадиясында камакка алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн укуктук алкактар түзүлдү. Экономикалык мүнөздөгү иштерди кароодо ачык айкындуулук жана калыстык жогорулады.
- Ишкердик субъекттерге карата сотко чейинки өндүрүш боюнча купуялуулук кепилдиктери камсыздалды (укук коргоо органдары тарабынан ачык билдирүүлөр боюнча)
ЭФМ, УКМК, ЮМ, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), УБ (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
13
Укук коргоо органдары тарабынан документтер аркылуу тастыкталбаган маалыматтардын негизинде демилгеленген салыктык текшерүүлөрдү четтетүү
Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана Салык кодекстеринин ортосундагы коллизияларды четтетүү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине түзөтүүлөр киргизилди
ЭФМ, УКМК, ЮМ, Жогорку сот (макулдашуу боюнча), УБ (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
14
Административдик жол-жоболорду алуу тартибин жөнөкөйлөтүү
Компетенттүү мамлекеттик органдардын электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү жана арыз ээсинен башка компетенттүү органдардан алынышы мүмкүн болгон документтерди талап кылуу ченемдерин алып салуу боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү
Мамлекеттик органдардын электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү күчөтүлдү. Административдик жол-жоболорду алуунун мөөнөттөрү кыскарды
СӨМК, ЭФМ, мамлекеттик органдар
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
15
Курулуш жана архитектура жаатында толук кандуу "Бирдиктүү терезе" ишке кирди
Уруксат берүүчү документтерди кароонун жана берүүнүн мөөнөтү кыскарды
ТАККМ, ЭӨМ, ӨКМ, АСЧАӨМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
16
Кыргыз Республикасынын аймагында берилүүчү электрондук уруксат документтеринин реестрин киргизүү
"Гильотина" принцибин колдонуу менен Кыргыз Республикасында уруксат берүүчү документтердин толук тизмесин түзүү
Уруксат берүүчү документтерге инвентаризация жүргүзүлдү жана тизмеси аныкталды
ЭФМ, лицензиар мамлекеттик органдар
2021-жылдын 10-майы
Донордук уюмдардын каражаттары
17
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуу жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы менен байланыштыруу
Бардык уруксат берүүчү документтер бирдиктүү автоматташтырылган (электрондук) реестрге киргизилди (чагылдырылды)
ЭФМ, лицензиар мамлекеттик органдар
2021-жылдын 1-июну
Донордук уюмдардын каражаттары
18
Мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
Бишкек шаарында ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү анын ичинде экспорттоочуларды тейлөө боюнча көп функциялуу борборду (ИТБ) түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечим долбоорун иштеп чыгуу
ИТБда 10дон кем эмес мамлекеттик органдар толук кандуу кызмат көрсөтүшөт
ЭФМ, ишке тартылган мамлекеттик органдар
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
19
Электрондук форматта экспорттук-импорттук операцияларды лицензиялоо чөйрөсүндө бирдиктүү терезе маалыматтык системасын ишке киргизүү
ЕАЭБ товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүнү тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган спецификалык товарларды экспорттоого/импорттоого лицензияларды берүүнү автоматташтыруу
Электрондук лицензияларды берүү процесстери автоматташтырылды
ЭФМ, АСЧАӨМ, ММСЖСМ, ИИМ, ССӨМ, СӨМК, УКМК, ЭӨМ, СӨП (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 25-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
20
Автомобиль өткөрүү пункттары аркылуу товарларды жана жаныбарларды өткөрүүдө процесстерди жөнөкөйлөтүү
Өткөрүү пункттары аркылуу процесстерди оптималдаштыруу жана экспорттук потенциалды өбөлгөлөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алуу
"Бир аялдама" принциби боюнча өткөрүү пунктунан өтүү мөөнөтү жана убактысы кыскарды
ЭФМ
2021-жылдын 1-марты
Республикалык бюджеттин чегинде
21
Транспорттук жана салмак габариттик контролдоо процесстерин автоматташтыруу
Транспорттук жана салмак габариттик контролдоо процесстерин автоматташтыруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында жок дегенде бир автоматташтырылган салмак габариттик контролдоо пунктун ишке киргизүүнү камсыздоо
Автоматташтырылган салмак габариттик контролдоо пункту ишке киргизилди
ТАККМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
22
Салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздарды кыскартуу
Милдеттенмелердин негизги суммасын жабуу шартында туумду жана айыптарды толук эсептен чыгаруу аркылуу салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоо
Мамлекеттик салык кызматы жана Социалдык фонду тарабынан ишканаларды чыңдоо жана карыздарды 15%дан кем эмес кыскартуу боюнча чаралар көрүлдү
ЭФМ, ССӨМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
23
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү тескөөнү жакшыртуу
"Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде илгерилетүү боюнча чараларды көрүү
Облустарды жана райондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда чегерүүлөрдөн келип түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча укуктук негиздер түзүлдү
ЭФМ
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
24
Инвестицияларды тартуу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) долбоорлорун демилгелөө жана илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
ЭКБ колдонуу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн жер участокторун берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
ЭКБ объекттерин куруу үчүн жер участокторун берүү жол-жоболору боюнча талаш маселелерди чечүү үчүн механизм иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча ЭКБ долбоорлору үчүн жерлерди берүү жол-жоболору жеңилдетилди жана такталды
ЭӨМ
2021-жылдын 30-марты
Республикалык бюджеттин чегинде
3. Актуалдуу маселелерге/чакырыктарга (калк тарабынан сын-пикир айтылган маселелер) чара көрүү
25
Эмгек рыногунун керектөөлөрү менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын жакындатуу
Кийин жумушка орношуу үчүн эмгек рыногунда талапка ээ болгон кадрларга керектөөлөрдү аныктоо (кесиптер жана адистиктер боюнча)
Эмгек рыногунда суроо талапка ээ болгон кесиптердин атласы иштелип чыкты
БИМ, ССӨМ
2021-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджеттин чегинде
26
Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу
Жер-жерлерде жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн 8 пилоттук муниципалитетте жаштар борборлорун ачуу
Жаштарды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү
ММСЖСМ, КРӨ облустардагы өкүлдөрү
2021-жылдын 1-марты
Республикалык бюджеттин чегинде
27
Бишкек шаарында Кесиптик багыт боюнча борборду ачуу
Жаштарга жана жумушсуз жарандарга кесиптик калыптануу жана кесиптик карьерага даярдануу маселелерин өз алдынча чечүү үчүн шарттар түзүлдү
ССӨМ
2021-жылдын 1-июну
Донордук уюмдардын каражаттары
28
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо
Республиканын 7 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана кайра калыбына келтирүү
14,7 миң адам таза ичүүчү суу менен камсыздалды
ТАККМ, АРИС (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 10-июну
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары
29
Балды кайра иштетүү жана бал азыктарын өндүрүү, жаңы үлгүдөгү бал челектерин өндүрүү үчүн шарттарды түзүү
Бал чарбачылык азыктарын коопсуз өндүрүүгө байкоо жүргүзүү системасын түзүү
Бал чарбачылык азыктарын коопсуз өндүрүүгө байкоо жүргүзүү 100%га камсыздалды
АСЧАӨМ
2021-жылдын 10-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
4. Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу
30
Идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоону жана байкоо жүргүзүүнү киргизүү
Идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо системасын түзүүдө Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюуну тездетүү
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду
ЭФМ
2021-жылдын 30-марты
Республикалык бюджеттин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары
31
"Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасын ыңгайлаштыруу
Көмүскө экономиканы кыскартуу, салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу үчүн "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилди
ЭФМ, Улуттук маркалоо оператору
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
32
Салыктык башкаруунун аналитикалык системасын киргизүү боюнча иштерди баштоо
Салыктык башкаруу системасын өнүктүрүүдө Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону тездетүү
Салыктык башкарууда инновациялык ыкмаларды жана санариптик технологияларды киргизүү үчүн шарттар түзүлдү
ЭФМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары
5. Кечиктирилгис чаралар
33
COVAX механизмине катышуу жана колдоо (COVID-19 каршы вакцинага глобалдуу жеткиликтүүлүк)
COVAX механизми боюнча COVID-19 каршы вакцинага өлкөлүк өтүнмөнү иштеп чыгуу жана берүү
Коронавирустук инфекцияга каршы вакцинация медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин 3% камтыды
ССӨМ
2021-жылдын 1-майы
Донордук уюмдардын каражаттары
34
"COVID-19суз саякатта" долбоорун киргизүү
Лабораториялык маалыматтык системаны жайгаштыруу үчүн сервердик жабдууну сатып алуу жана орнотуу
ЕАЭБ өлкөлөрү менен мамлекеттер аралык деңгээлде COVID-19 боюнча лабораториялык маалыматтарды алмашуу
ССӨМ, ЭФМ, СӨМК
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
35
COVID-19 каршы вакцинацияланган жарандарды ыкчам эсепке алууну камсыздоо
"COVID-19 каршы вакцинацияларды эсепке алуу" маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү
"COVID-19 каршы вакцинацияларды эсепке алуу" системасын ишке киргизүү
ССӨМ, СӨМК
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
36
COVID-19 каршы күрөшүүгө багытталган гуманитардык жардамдын келип түшүүлөрүн жана бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу
Гуманитардык жардамды эсепке алуунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү
"Гуманитардык жардамды эсепке алуу" маалыматтык системасын ишке киргизүү
ССӨМ, СӨМК
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
37
Республиканын мектептеринде жана мектепке чейинки балдар мекемелеринде COVID-19 жол бербөө жана алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды күчөтүү
Мектеп окуучуларынын жана мектепке чейинки мекемелердеги балдардын арасында вирустук инфекцияларды аныктоо алгоритмин иштеп чыгуу жана кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен алгоритм бекитилди. Республиканын мектептеринде, мектепке чейинки мекемелеринде балдар профилактикалык кароодон өттү
ССӨМ
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
38
COVID-19 шартында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасын камсыздоо
Кыргыз Республикасынын аймагынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого тыюу салуу белгиленген
ЭФМ
2021-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджеттин чегинде
39
Социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктүн жетиштүү деңгээлдеги запасын камсыздоо
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде илгерилетүү боюнча чараларды көрүү
Өлкөнүн калкын негизги тамак-аш азыктары менен азык-түлүктүк камсыздоо боюнча шарт түзүлдү
АСЧАӨМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими кабыл алынган учурда материалдык резервди толтурууга кошумча каражаттарды белгиленген тартипте бөлүү
Социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктүн запастары көбөйдү
ЭФМ, ӨКМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
41
Социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктүн бааларын туруктуу деңгээлде сактоо
ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнөн социалдык жактан маанилүү товарларды жеткирүүгө тикелей контракттарды түзүү жана аларды ички рынокто интервенциялоо механизмдерин иштеп чыгуу
Социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын жана азык-түлүктүн баасын чайкоочулук жана негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча чаралар көрүлдү
АСЧАӨМ, ЭФМ, ӨКМ
2021-жылдын 1-апрели
Республикалык бюджеттин чегинде
42
Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын ички соодасын активдештирүү
Жарманкелерди өткөрүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ар бир районунда аймакты жайгаштыруу менен атайын бөлүнгөн аянттарды камсыздоо
Фермерлердин продукциясын сатуу, социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
43
Аквакультуранын кластерин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Балык чарбасын жүргүзүү боюнча укуктук жана уруксат берүү негиздерин түзүү
Көлмөлөрдүн жана суу сактагычтардын акваторияларынын базасында балык өндүрүүнү кеңейтүү боюнча алкактык шарттар түзүлгөн. Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнүн жана Орто-Токой суу сактагычынын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрү балыктын коё берилүүчү материалы - 563,0 миң даана ысык-көл форелинин чабактары, 6,4 млн. даана май канат-лудоганын чабактары менен балыктандырылды
АСЧАӨМ
2021-жылдын 10-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
44
Сүт жана эт продукцияларынын өндүрүшүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү
Сүт жана эт боюнча кластердик долбоорлорду киргизүү
Өндүрүштүн кластердик чынжырчалары түзүлдү
АСЧАӨМ
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
45
"Санарип Аймак" АМСтин толук жана масштабдуу иштеши
"Санарип Аймак" АМСке туташтыруу боюнча техникалык жана уюштуруу иш-чараларын өткөрүү
Бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "Санарип Аймак" АМСке туташтырылды
АСЧАӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2021-жылдын 1-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
46
Айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү
Лизинг программасы боюнча "Айыл Банк" ААК аркылуу айыл чарба техникаларын фермерлерге берүү
90,0 млн. сом суммасында лизингге 50 бирдик айыл чарба техникасы берилди
АСЧАӨМ
2021-жылдын 1-майы
"Айыл Банк" ААКнын каражаттары (макулдашуу боюнча)
47
Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын эсептөө жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
Жерди берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууга тарифтер төмөндөтүлдү
АСЧАӨМ
2021-жылдын 25-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
48
Айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү
Айыл чарбасында экологиялык жана органикалык стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү
Органикалык продукцияга улуттук стандарттар иштелип чыкты жана кабыл алынды
АСЧАӨМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде, донордук уюмдардын каражаттары, аутсорсинг, жеке бизнес
49
"ИМ-Элек" электрондук фитосанитардык сертификаттарынын улуттук системасын Россия Федерациясынын "Аргус-Фито" ФММС жана Казакстандын Е+gov системасы менен интеграциялоо процессин жыйынтыктоо. The HUB дүйнөлүк системасы менен интеграциялоо
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен нотификациялардын келип түшүүлөрү 5%га чейин төмөндөтүлдү
АСЧАӨМ
2021-жылдын 1-июну
Республикалык бюджеттин чегинде
50
Жерлерди рекультивациялоого каралган каражаттарды мамлекеттин 100% үлүшү катышкан Кыргыз Республикасынын финансылык мекемелерине топтоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алуу
Рекультивациялоого каралган каражаттар Мамлекеттик программаларды каржылоо үчүн кайтарымдуу негизде багытталды
ЭӨМ
2021-жылдын 10-майы
Республикалык бюджеттин чегинде
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип…Постановление · 05.01.2016 · № 1
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 517
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген)Положение · 18.08.2017 · № 517
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон