Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана „Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-августу № 582 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 40-1-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-главада:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товарларды импорттоо - бажы иштеринин чөйрөсүндө Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла турган Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ошондой эле товарларды Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү."; он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Товарларды экспорттоо - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары ташып чыгуу.";
- глава төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"Товарды коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өтмөтүтүк транспорту жана электр берүү чубалгылары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен каралган ташуу учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын коштогон: эсеп-фактуралары, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле товарлар тууралуу маалымдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык колдонула турган товарлардын наркы.";
- 29-пункттун 1-пунктчасынын он төртүнчү абзацы, 4-пунктчасы жана 41-пункттун 1-пунктчасы "КМШга" деген сөздүн алдында "Бажы бирлигинин мүчө мамлекеттеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункттун бешинчи абзацында жана 39-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Ыйгарым укуктуу салык органы ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча материалдарды аймактык салык органдарына өткөрүп берет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:
"47-1. Кошумча наркка салыктын суммасынын ашып кеткен ордун толтуруу жана кайтарып берүү үчүн келишимдер (макулдашуулар) боюнча Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагынан товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда Тизмеге кирбеген салык салынуучу субъект салык органына изилдөө үчүн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн тапшырат:
- аймагына кыйыр салыктары төлөнгөндүгү тууралуу товарлар импорттолгон Бажы бирлигинин мүчө-мамлекетинин салык органынын белгиси менен товарларды импорттоо жана экспорттоо учурунда товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктары төлөнгөндүгү жөнүндө арыз;
- импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын төлөнгөндүгүн ырастаган банктын көчүрмөсү;
- Бажы бирлигинин бир мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына товарлардын ташылышын ырастаган транспорттук (товарды коштоочу) документтер;
- товарларды жүктөө учурунда Бажы бирлигинин мүчө-мамлекетинин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралары;
- алардын негизинде Бажы бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагынан Бажы бирлигинин башка мүчө-мамлекетинин аймагына импорттолгон товарлар сатып алынган келишимдер (контракттар);
- алардын негизинде товарларды экспорттоодо ишке ашырылган келишимдер (контракттар);
- салык төлөөчү-экспорттоочунун эсебинен экспорттолгон товарларды сатуудан иш жүзүндө түшкөн акчаны ырастаган банктын көчүрмөсү;
- нөлдүк коюмду колдонуунун негиздүүлүгүн ырастаган башка документтер;
- КНС боюнча бюджетке төлөө фактысын ырастаган документтер.";
- V-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"V-бөлүм. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана салык органдары тарабынан корутундуларды аткаруу
48. Кабыл алынган чечимдин негизинде аймактык салык органы салык салынуучу субъекттин салыктык катталуу орду боюнча FORM STI-12 жана/же STI-013 корутундусун (мындан ары - корутунду) төрт нускада жазып берет жана ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
Ар декада сайын ыйгарым укуктуу салык органы реестрди КНСтин ордун толтуруу боюнча кредиттерди ачууга корутундуларды жана төлөм тапшырыктарын тиркөө менен БКга жиберет.
49. Мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган корутундулардын жана төлөм тапшырыгынын тиркемелери менен реестрди алган күндөн баштап аларды 10 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен аткарууга милдеттүү.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №178 токтомуПостановление · 30.03.2022 · № 178
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 30.03.2022 · № 178
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон