Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 14-январы № 6 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 , 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 , 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (мындан ары – Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри) бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин 2015-жылдын 1-июлунан тартып жетекчиликке алышсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Тиркеме Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы N 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 , 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Муниципал-дык кызмат көрсөтүүнү стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал- дык мекемелер
Муници-палдык кызматты көрсөтүү- нүн шарттары (акы төлөнүүчү/ акысыз)
1
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4
Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
5
Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
6
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
7
Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
8
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
9
Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
10
Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
11
Жеке жана/же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
12
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
13
Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
14
Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү
ЭКМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
15
Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашпаган коломдо көчүрмөлөө
ЮМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акысыз
16
Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө
ЮМ
ЖӨБ аткаруучу органдары
Акы төлөнөт
Эскертүү: Маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан көлөмдө көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
3) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 62 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (62)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү…Постановление · 03.04.2019 · № 97
- Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна)Правила · 03.03.2025 · № 105
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 19.12.2024 · № 772
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 421-б (2014-2019-жылдарга Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде бешинчи мезгилдүү…Распоряжение · 06.11.2019 · № 421-р
- Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы № 149 "Арал айыл өкмөтүнүн иш регламентин, Эмгек Келишимин, кызматкерлердин иш милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2023 · № 149
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 10-февралындагы № 3 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.02.2017 · № 3
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-мартындагы № 8 "Кызыл-Адыр айылындагы Чаткал, Суусамыр, Боконбаев, Май жана Жаштык көчөлөрүнө киргизилген таза суунун төлөмүнүн…Постановление · 28.03.2017 · № 8
- Бекмолдо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-июнундагы №52 "Бекмолдо айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтарды кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2018 · № 52
- Долоно айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы №39 "Долоно айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2017 · № 39
- УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН 2018-жылдын 24-февралындагы № 62 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча…Постановление · 24.02.2018 · № 62
- Красноречка айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-февралындагы № 46/XII-27 “Мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө жөнүндө” токтомуПостановление · 19.02.2018 · № 46/XII-27
- Жергетал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-апрелиндеги №17 "Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2018 · № 17
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Айыл өкмөтүнүн (Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-июлундагы № 68 токтомуна ылайык) Типтүү РегламентиТиповой регламент · 21.07.2023 · № 68
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылдын 26-февралындагы № II/IV "Ача-Кайынды айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.02.2016 · № II/IV
- Дара айылдык кенешинин 2018-жылдын 31-июлундагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 31.07.2018 · № 40
- Калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүүдө жана жаңы калктуу конуштарды түзүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча (Аламүдүн айылдык…Программа · 16.06.2022 · № 80-28
- Төрт-Гүл айылдык аймагынын Төрт-Гүл айылдык кеӊешинин 2025-жылдын 20-январындагы № 14-4 "Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Регламент бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2025 · № 14-4
- Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-февралы № 18-2 "Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2023 · № 18-2
62 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу…Постановление · 19.12.2024 · № 772
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.11.2022 · № 632
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.