Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Буура айылдык кеңешинин «Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 3-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 3 Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы №88 “Кара-Буура айыл аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча сунушталган тарифтерин бекитүү жөнүндө” кайрылуусун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2014-жылдын 2-майындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында тиричилик катуу калдыктарын жыйноо, ташуу жана жайгаштыруу боюнча тейлөө кызматынын тарифин эсептөө Методикасын” бекитүү жөнүндө №123 буйругун жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында катуу жана суюк таштандыларды чыгаруу боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү менен макулдашылсын.
2. Жогорудагы салык эмес жыйындарды чогултуу ар бир айдын 10-числосуна чейин айыл өкмөтүнүн кассасына төлөнсүн.
3. Бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтүнүн алдындагы комуналдык чарбасы жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, регламент, курулуштар жана ички жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Осмоналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2014 · № 302 · Күчүн жоготкон