Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дара айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун аткарууга алуу жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дара айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XV-сессиясы
2018-жылдын 31-июлу № 40 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун аткарууга алуу менен Дара аймагынын калкына муниципалдык кызмат көрсөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтому аткарууга алынсын.
2. Дара аймагынын калкына көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестри бекитилсин. (тиркеме 1)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага
М. Султанов
“Бекитемин” Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы _______________М.Султанов
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар
Көрсөтүлүүчү кызматтын аталышы
Кызматты алуучулар
Керектелүүчү иш кагаздары
Кызматтын акысы
Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
жыйынтыгы
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү (А.Алпаизов көч.68, байл.тел.6-08-91)
Материалдык жардам көрсөтүү
Дара аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөрү, майыптар
-арыз -паспорттун көчүрмөсү -жашагандыгы тууралуу маалым кат
акысыз
14 күн
Комиссиянын чечими, айыл өкмөтүнүн буйругу
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам берүү (көмүр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн спорттук сакайтуу лагерлери)
Дара аймагындагы жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптар
-арыз -паспорттун көчүрмөсү -жашагандыгы тууралуу маалым кат
акысыз
-
Комиссиянын чечими, айыл өкмөтүнүн буйругу
Мектепке чейинки мекемелерде балдардын тамактануусуна кошумча төлөм
Дара айыл аймагындагы мектепке чейинки мекемелерде
-
акысыз
-
Айылдык кеңештин чечими
“Баатыр Эне”, “Эне Данкы” медалына көрсөтүү
6 дан көп балалуу энелер
-эненин паспорту, -ЗАГС күбөлүгү, -жашагандыгы тууралуу маалым кат, -3х4 сүрөт, -ар бир баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү,
Акысыз
-
Айыл өкмөтүнүн токтому
Юридикалык жана жеке жактар үчүн жеке менчикке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө чечимди берүү
Дара аймагынын тургундары
-арыз -паспорттун көчүрмөсү -гос. регистрден жери жоктугу жөнүндө маалым кат -жашаган жери тууралуу маалым кат,
Акысыз
14 күн
Айыл өкмөтүнүн токтому
Жеке менчик турак-жай үчүн жер тилкесин берүүгө кезекке каттоо
Дара аймагында 1 жылдан кем эмес жашаган жарандар
-арыз -паспорттун көчүрмөсү -госрегистрден жери жоктугу жөнүндө маалым кат -жашаган жери тууралуу маалым кат,
акысыз
14 күн
Турак-жай үчүн жер тилкесин алуучулардын кезегине коюлгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүү
Турак-жай жер тилкесин же жер үлүшүнүн чектерин тактоо боюнча актыны берүү
Дара аймагынын тургундары
-арыз
Акысыз
14 күн
АКТ
Муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүү
Дара аймагынын тургундары
-арыз -паспорттун көчүрмөсү
акысыз
14 күн,
Айыл өкмөтүнүн токтому
Жер аянттын жеке менчикке берүү (өткөрүү)
Дара аймагынын тургундары
-арыз, -паспорттун көчүрмөсү, -жер аянтына тиешелүү иш-кагаздар
акысыз
14 күн
Айыл өкмөтүнүн токтому
Жарандардын жашагандыгы жана үй-бүлөсү тууралуу маалымат берүү
Дара аймагынын тургундары
-
акысыз
Кайрылган мөөнөтүндө
Маалым кат берүү
Кожолукка бөлүп берүү
Дара аймагынын тургундары
-
акысыз
Кайрылган мөөнөтүндө
Чарба китепке киргизүү
Жолбун иттерди атуу
Дара аймагы
-арыз
акысыз
14 күн
Иттердин атылгандыгы ж-дө акты
Айыл аймагында жашаган бирок катталбаган адамдар үчүн мүрзөдөн орун бөлүү
Айыл аймагында жашаган бирок катталбаган адамдар
-арыз
акысыз
-
мүрзөдөн орун берүү акты
Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши (А.Алпаизов көч.68, байл.тел.6-08-91)
Көчөлөрдүн атын коюу жана өзгөртүү
Дара аймагынын тургундары
-арыз -сунуш, -жашоочулардын чогулушунун протоколу
Акысыз
14 күн
Сессиянын чечими
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу
Дара аймагынын тургундары
-арыз -сунуш, -жашоочулардын чогулушунун протоколу
Акысыз
14 күн
Сесси Сессиянын чечими
“Дара-Тазалык” ишканасы
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундарынын, мекеме-ишкан. таштандыларын чыгаруу
Чек, Жаңы-Жер айылы, мекеме-ишканалар
-арыз
келишимдин негизинде
Ишкананын графиги менен
Келишим
“Дара Суусу” жана “Ак-Суу Баткен” ИСКАКБ ишканалары
таза суу колонкаларын орнотуу
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундары, Дара аймагындагы мекеме-ишканалар
-арыз
Айылдык Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде
14 күндүн ичинде
Келишим түзүү
Таза суу колонкаларына счетчик орнотуу
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундары, Дара аймагындагы мекеме-ишканалар
-арыз
Айылдык Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде
14 күндүн ичинде
Таза суу колонкаларына счетчик орнотуу
Таза сууну өчүрүү
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундары, Дара аймагындагы мекеме-ишканалар
-арыз
Айылдык Кенеш тарабынан бекитилген коэффициенттин негизинде
14 күндүн ичинде
Таза сууну өчүрүү жөнүндө акты
Таза суу трубаларын ремонттоо
Чек, Жаңы-Жер айылынын тургундары, Дара аймагындагы мекеме-ишканалар
-арыз
Кенеш тарабынан бекитилген коэффиценттин негизинде
14 күндүн ичинде
Таза суу трубаларын ремонттоо
Жооптуу катчы: А.Мисиралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.