Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 772
Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү маселесин тартипке келтирүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине ылайык:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын өз убагында кайра карап чыгууну жана иштеп чыгууну камсыз кылсын;
- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайра каралган жана бекитилген стандарттары жөнүндө маалыматтарды берип турсун.";
2) 3-пункт "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча берип турсун.";
2) 3-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин токтомдорунун долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартибинин талаптарын эске алуу менен Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.".
5. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жоболорду жетекчиликке алсын жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 30-январынан кечиктирбестен жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилген кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмелери жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 20-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө" токтомунун 2, 4-пункттары;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 29 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (29)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин…Постановление · 14.01.2015 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилди)Регламент · 28.10.2021 · № 233
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603
- Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин…Положение · 19.12.2024 · № 772
- Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-майы № 55 "Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “Жакшылануу комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык…Постановление · 13.05.2026 · № 55
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна 2-тиркеме)Положение · 19.12.2024 · № 772
- Ой-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралы, №3/3, Ой-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобону…Постановление · 26.02.2025 · № 3/3
- А.Масалдиев айылдык кенешинин 2026-жылдын 28-январындагы №6 "А.Масалиев айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2026 · № 6
- Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-апрели № I “Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 03.04.2025 · № I
- Ак-Турпак айылдык кенешинин 2025-жылдын 18-мартындагы №14 "Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2025 · № 14
- Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралы № 12 Ала-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 12
- Масалиев айылдык кенешинин 2025-жылдын 18-июлундагы №34 "А.Масалиев айыл өкмөтүнүн типтүү регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 34
- Регламент, №13 Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө жөнүндөгү 2025-жылдын 5-мартындагы токтомуна ылайыкРегламент · 05.03.2025 · № 13
- Типтүү Регламент, «Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө» Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-февралындагы №4 токтомуна ылайык.Типовой регламент · 26.02.2025 · № 4
- Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралы № 4/5 Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө токтомуПостановление · 25.02.2025 · № 4/5
- Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.12.2019 · № 648
29 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2021 · № 233
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин…Постановление · 14.01.2015 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.12.2019 · № 648
- Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 20
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2011 · № 129 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2014 · № 302 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын…Постановление · 06.07.2015 · № 453 · Күчүн жоготкон